Биз менен байланышыңыз

Баткенде жабыркагандарга 95 миллион сомдон ашуун акча чогулган

Кыска кабар | 23 мая 2021 | 391 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга жалпы 95 миллион 786 миң сом чогулду. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабаралады.

Буга чейин тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыр тарткан элге жардам көрсөтүү максатында Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү атайын эсеп ачкан. Буга бардык жарандар жана юридикалык тараптар каражат которо алат.

Аталган сумма 21-майга чейин чогулган акча экени айтылды.

Мындай жардамды ири өндүрүш ишканалар, ар кандай компаниялар, коомдук уюмдар, чет өлкөдөгү мекендештер жана Кыргызстандын бардык аймактарындагы жарандар жөнөтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM