Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдү» сырттан башкарууга киргизилген 3 айлык мөөнөт өтө аз»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 мая 2021 | 761 | 0

«Кумтөрдү» сырттан башкарууга киргизилген 3 айлык мөөнөт өтө аз. Мындай пикирин экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөрдөн» бир жылда 17-18 тоннанын тегерегинде эле алтын алынат.  1992-жылдан бери 410 тонна алтын өндүрүлдү.

«Мамлекеттик комиссия ал алтын 11,5 миллиардга жакын долларга сатылганын айтты. Сот «Кумтөргө» дээрлик 5 млрд долларга доо койду. Анда биздин аласабызды алыш үчүн жок дегенде 10 жыл казыш керек да. Ошону 3 айдын ичинде Тенгиз Бөлтүрүк кайтарып ала алабы? Анда эмнеге 3 айга? Бул — сүйлөшөлү деген сөз. Мейли, сүйлөшсүн. Мамлекеттин кызыкчылыгы сакталгандай сүйлөшсүн. 

Бөлтүрүк мырза Канаданын жараны экен. Мыйзамда башка мамлекеттин жарандарын Кыргызстанда мамлекеттик, муниципалдык кызматка алууга тыюу салынат. Азыр эл ишеним көрсөтүп жатат, бийлик — убактылуу нерсе. Эртең булар бийликтен кеткенде үстүлөрүнөн кайра иш козголуп жүрүшүн каалабайт элем. 

Кыргыздын чыныгы патриоту болсо, Бөлтүрүк Канаданын жарандыгынан чыгып кетсин. Мейли, бекиптир. Маалымат жыйын берип Бишкекте жүрө бербей, жерине барып иштесин», -дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM