Биз менен байланышыңыз

Исабеков: Ушул эле депутаттар 2 мөңгүнү «Центеррага» бекер кармата берген

Кыска кабар , Пикирлер | 21 мая 2021 | 1462 | 0

Мындан 3 жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаттары «Центеррага» 2 мөңгүнү бекер берип койгон. Эми ошол депутаттар «суу үчүн акча төлөтөбүз» деп отурушат. Бул туурасында экс-вице-спикер, экономист Кубанычбек Исабеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал өз сөзүндө «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүн сындап, «жалгыз гана Акылбек Жапаров иштеп, калганы Африка, Антарктидада жашагандай» сезим калтырганын белгиледи. Ошондой эле өкмөткө өз сунушун жолдоду.

«Кыргыз Өкмөтүнүн 2007-жылкы келишимдеги өз чечимин жокко чыгарганга акысы бар. Жогорку Кеңешке сунуштасын да, бекер берген мөңгүнү мыйзам менен кайтарып алсын. Мен көзүмөн операция болуп, жаңы эле Германиядан келдим. Ал жакта май куюучу бекетте 1 литр сууну 2 еврого сатып аласыз, бир литр бензинди 1 евро 30 цент, 1 евро 40 центке сатып аласыз. Дүйнө жүзүндө кургакчылык келатат, суунун баасы өсүп атат. Биз баарыбыз ысык, муздак суу үчүн акча төлөп атабыз. Алар болсо, миллиондогон куб мөңгү суусун бекер колдонуп, талкалап туруп кетип атат, муну карабасак болбойт», — дейт Исабеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM