Биз менен байланышыңыз

«Центерра Голд» Бөлтүрүктү сотко берди

Саясат , Экономика | 21 мая 2021 | 3678 | 0

«Центерра голд» компаниясы «Кумтөр голдго» тышкы башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүктү сотко бергени айтылды. 

«Centerra Gold Inc.» компаниясы «Кумтөр голд» ишканасына тыштан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүктү сотко бергени маалым болду. Компания тараткан маалыматта Тенгиз Бөлтүрүк «Центерра голддун» директорлор кеңешинен кете электе Кыргыз Өкмөтү жана башка тараптар менен алтын кенди басып алууну пландап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылат.

«Бул көп жылдык инвестициялык келишимди бузууга алып келет. Бөлтүрүк мындай маалыматты Centerra тарапка айткан эмес. Мындан улам ал Centerra компаниясында директорлор кеңешинин мүчөсү болуп туруп, ишенимдүү өкүл катары милдеттемелерин бузду, жашыруун маалыматтарды сактаган жок», — деп жазылат билдирүүдө.

«Центерра» ошол эле учурда «Кыргызалтын» ишканасынын соңку учурдагы аракеттерин, анын ичинде Бөлтүрүктүн ишин да териштирип жатканын кабарлады.

Буга кошумча, Кыргыз Өкмөтү тыштан башкаруучу киргизер алдында, 12-майда «Кыргызалтын» ишканасында 29 миллион долларды белгисиз банкка которуу аракети болгону, ага убагында бөгөт коюлганы тууралуу да маалыматтар тарады. Кыргыз бийлиги муну расмий ырастай элек.

Кыргыз коомчулугунда «Кумтөргө» тыштан башкаруучу болгон Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердиги тууралуу ойлор ар түрдүү. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев:

— Бул киши кандайча, каяктан пайда болгону Александр Дюманын романындагы Монте Кристодой эле болуп жатат. «Центерра голд» компаниясынын директорлор кеңешинин курамына кантип кирип алганы жөнүндө да маалымат жок. Андан кийин эле дипломатиялык паспорт көтөрүп пайда болуп калды. Негизи дипломатиялык паспортту берүүнүн өзүнүн тартиптери бар. Ал го мейли, өзүнчө маселе.

Азыр «Кумтөргө» сырттан башкаруучу болуп, «Баланча тонна алтын алдык, Улуттук банк сатып алды», — деп айткандары да күмөндүү болуп жатат. Канадалыктар Бөлтүрүктү сотко бергени боюнча айтсам, кандай айып коюлса да, иш калыс тергелет деп ишенсе болот, — дейт

Молдалиев «Кумтөр» кенинин айланасындагы соңку жагдайлар мурдатан ойлонулган иш экенин айтат. Себеби кендеги ишмердикти иликтеген мамлекеттик комиссиянын отчеттору — V чакырылыштын депутаттары Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров тарабынан мурун эле көтөрүлүп келген маселелер. Ошол кезде да улутташтыруу боюнча сөз козголгон.

«Кумтөр Голд» компаниясынын сырттан башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк «Центерра голддун» өзүн сотко бергенин каралоо аракети катары баалаган.

Ал 20-майда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, «Кумтөрдүн» бардык банктык эсептери тоңдурулганын айткан. Учурда финансылык жана өндүрүштүк маселелерди чечүү менен алек экенин билдирген.

— Каржы маселеси тез арада чечүүнү талап кылат. «Кумтөр Голд» компаниясынын чет өлкөлөрдө жайгашкан эсептери тоңдурулган. Кыргызстанда каражат аз. Ошондуктан Улуттук банк, «Кыргызалтын» ААКы жана «Кумтөрдүн» ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт. Учурда «Кумтөр» кениндеги ишти турукташтыруу аракетин көрүп жатабыз.

«Кумтөрдүн» алтыны Кыргызстанда калат

Саясат талдоочу Айданбек Акматов «Центерра» тарабынан жасалган атайын аракеттер да болушу мүмкүн экенин, мындан ары так, ачык иш алып баруу керектигин айтууда.

— Бир жагынан караганда, «Центерра» өзү финансылык эсептердин баарын блоктоп койду деген да маалымат чыккан. Муну эске алганда, кыргыз бийлигинин 29 млн долларды жасалма эсепке которууга аракет жасаганы тууралуу маалыматы жөн эле чагым болушу мүмкүн.

Негизи «Центеррадагы» афералар тууралуу буга чейинки маалыматтар бурмаланып, туура эмес жетип жүргөн болсо, эми анын баарына чекит коюу керек. Ачык иштеп, бюджетке түшкөн төлөмдөрдү эселеп көбөйтүү керек. Ошондо гана «Центерра» элге, Кыргызстанга иштей баштады десек болот. Анан дагы эле мурункудай шектүү операцияларды жасап, бюджетке төлөмдөр азая бере турган болсо, анын эмне пайдасы бар?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономист Кубанычбек Исабеков «Кумтөрдүн» тыштан башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана анын ишмердиги тууралуу мындай ойдо.

— «Кумтөр» — көп химикаттар, оор технологиялар менен иштеген чоң организм. Бюджеттин негизин түзгөн ишкана. Анын үстүнө азыр эл аралык сотто кызыкчылыкты коргоо милдети турат. Теңгиз Бөлтүрүк шымаланып, бел байлап иштеши керек. Мен ага айтар элем, чыныгы патриот болсоң, Канаданын жарандыгынан чыгып кет. Анан «Кумтөрдү» өлкөбүз үчүн пайда алып келе турганга айландырсын. Бир тыйын алтынды сыртка чыгарбашы керек. Ошол эле маалда Улуттук банк: «Алтынды биз сатып ала элекпиз», — деп билдирип жатпайбы. Эртең «Центерра»: «Эмнеге арзан баада сатып жибердиң?» — деп сотко берсе, эмне кылат? Ошол себептен акча мамлекеттин бюджетине түшүшү керек, анан өкмөт аны башка муктаждыктарга бөлүшү керек. Мунун баары мыйзам чегинде кетпесе, биз уттурабыз».

Ал ортодо «Кумтөр» алтын кенинде иштеген жумушчулар арасында тынчсыздануу болуп жатканы айтылды. Себеби аларды иш таштоого үндөп, атайын дүрбөлөңгө салууга аракет кылган күчтөр бар экен. «Kумтөр Голд» ишканасынын кесиптик кошуунунун жетекчиси Калысбек Рыспаев чынында эле жумушчуларды кооптонууга түрткөн жактар бар экенин айтты.

— Жумушчулар азыр: «Иш ордубуз сакталабы, айлыгыбыз кыскарбайбы?» — деп тынчсызданып жатышат. Кечээ күндөн баштап эле айрым кесиптештерим телефон чалып, ушундай коркунучту айта баштады. «Иш таштоо болобу? Эмгек маянабызды албай калат экенбиз», — деп 20дай жумушчу чалды. Бул эми тастыкталбаган маалымат. Ушундай кооптонуу гана болуп жатат, кээ бир күчтөр, балким, мурунку жетекчиликтин тарапташтарыбы, же өз кызыкчылыгын көздөгөн айрым адамдар болушу мүмкүн. Бирок биз байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жумуш үзгүлтүккө учурабашы керектигин, маяна кыскарбай турганын айтып жатабыз. Ал жерде иштегендердин 98 пайызы — кыргыз жарандар.

Теңгиз Бөлтүрүк 20-майдагы басма сөз жыйынында «Кумтөр» кенинде иш штаттык режимде уланып жатканын билдирип, жумушчулардын айлык акысы азайбай турганын, жумуш орундары көбөйтүлөрүн айткан.

«Кумтөргө» бир ай үчүн 21 млн доллар акча жумшалса, анын 4 млн доллары айлык акыга кетет.

«Кумтөрдөгү» коррупциялык фактылар боюнча тергөө башталды

Copyright © 2017 Maral FM