Биз менен байланышыңыз

Президенттин администрациясынын бир катар бөлүм жетекчилери дайындалды

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 592 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Президенттик Администрациянын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык төмөнүлөр дайындалды:

— Адилет Жанузаков Президенттин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

— Эркин Сазыков Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

— Назирбек Бөрүбаев Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM