Биз менен байланышыңыз

Адис: Күнөсканада өстүрүлгөн жемиштерди коркпой жей берсе болот

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2021 | 487 | 0

Өлкө ичиндеги күнөсканалар жылдан-жылга химиядан алыстап баратат. Мындай пикирин Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Туратбек Идрисов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда күнөсканалар көбөйгөндүктөн, аларда да атаандашуу жаралды. Анын үстүнө көлөмү да чакан болгондуктан, органикалык жер семирткичтерди колдонууга мүмкүнчүлүк бар.

«Ооруганда, курт түшкөндө гана химияны колдонушпаса, көп учурда органикалык жер семирткичке өтүп башташты. Андыктан күнөсканада өстүрүлгөн жер-жемиштерди коркпой эле жей берсе болот», — дейт адис.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM