Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга 8 санитардык унаа алынып келинди

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 477 | 0

Бүгүн, 20-майда Ислам Өнүктүрүү банкынын «COVID-19 долбоорунун алкагында даярдыктарды көрүүгө жана жооп кайтарууга ыкчам колдоо» долбоорунун алкагында сатылып алынган 8 пикап тибиндеги автоунааны мамлекеттик санитардык-эпидемилогиялык көзөмөл кызматынын бөлүмдөрүнө жана райондор аралык борборлоруна тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Унааларды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган бир катар адамдар кабыл алды.

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында санитардык автооунаалар Ноокат, Ысык-Көл, Ала-Бука, Сокулук, Ысык-Ата, Жумгал жана Базар-Коргон райондорунун мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын бөлүмдөрүнө жана райондор аралык борборлоруна өткөрүлүп берилди.

Буга чейин, Ислам Өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында өлкө боюнча 10 модулдук вирусологиялык лаборатория куруу жана анализге алынган патогендик биоматериалдарды убагында ташып жеткирүүнү камсыздоо үчүн 15 автоунаа алуу пландаштырылган. Бүгүн анын 8 автоунаасы алынып келинди.

Эске салсак, былтыр декабрда 7 санитардык автоунаа тапшырылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM