Биз менен байланышыңыз

Токио Паралимпиадасына алгачкы жолдомо берилди

Кыска кабар , Спорт | 19 мая 2021 | 1139 | 0

Арстанбек Базаркулов ушул жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Токио шаарында өтө турган XVI Паралимпиада оюндарына жеңил атлетика боюнча (ядрону түртүү) алгачкы лицензияга ээ болду.

Арстанбек Базаркулов 6-14-февралда Дубай шаарында өткөн пара жеңил атлетика боюнча Гран-при лицензиялык мелдешинде 5-орун, 13-22-мартта Тунисте өткөн Гран-при мелдешинде 4-орун, 7-18-майда Швейцарияда өткөн Гран-при мелдешинде коло медаль алган. Ушул үч лицензиялык мелдештин жыйынтыгы менен Токиого жолдомо берилди.

Белгилей кетсек, спортчунун аталган мелдештерге катышуусу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM