Биз менен байланышыңыз

«Оперативниктердин» колун байлаган кодекстер

Коом | 18 мая 2021 | 1878 | 0

Кыргызстанда эки жыл мурун кабыл алынган кодекстер күчүнө киргенден бери кылмыштардын бетин ыкчам ачуу иштери аксап жатат. Башкы прокуратура ал кодекстерди кайра жаңылоону сунуштады.

Кыргызстанда азыр иштеп жаткан кодекстерге ылайык, бардык күч түзүмдөрүнүн ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кылмыштардын бетин ачууда колу байланып калган. Бул тууралуу ыкчам кызматкерлер өздөрү, ИИМдин ардагерлери жана юристтер айтып жатат. Өткөн айда 27 жаштагы кыздын уурдалып өлтүрүлгөнү, анын ыкчам табылбаганы милициянын ишиндеги кемчиликтерди ашкереледи.

Бирок кылмыштын бетин ыкчам ачууга тоскоолдук кылган бир топ жагдайлар бар экени маалым болгон. «Марал» радиосуна  айрым милиция кызматкерлери ишиндеги бюрократия, «процентомания» деген түшүнүктөр тууралуу айтып беришкен.

«Процентомания», бюрократия. Милициянын ишиндеги тоскоолдуктар

18-майда милициянын ардагерлери 2019-жылы кабыл алынган кодекстердеги айрым кемчиликтерди түшүндүрүп беришти. Алар ыкчам-издөө иш-чараларына уруксат берилсе, Айзада Канатбекованы уурдап кетүү жана өлтүрүү сыяктуу фактылардын алдын алууга болмоктугун айтышты.

Ички иштер башкармалыгынын ардагери, отставкадагы полковник Жамбулбай Жаңыбаевдин пикиринде, учурдагы Кылмыш-процессуалдык кодексинде бардык күч түзүмдөрүнүн ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кылмыштарды өз алдынча алдын алып, бөгөт коюп, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү укугунан ажыратылган.

— Мурда мыйзамда бар эле, эгер адам соттолуп, түрмөдөн бошотулуп жатса, бир ай мурун ички иштер органынын кызматкери андан  «Эшматов Ташмат, сен бир айдан кийин түрмөдөн чыгасың, каякка барып жашайсың?» — деп сурайт. Ал жашай турган жерин айтканда, ошол жактын ИИМине билдирүү жиберилип турат эле, «Мына жакында адам өлтүргөн адам бошонуп келе жатат, ошону көзөмөлгө алыңыздар», — деп. Бул жигит (Айзада Канатбекованын өлүмүнө шектүү Замирбек Теңизбаев) Москвада жүрүп, 3 жылга соттолгон. Ал жактан депортация болуп, Кыргызстанда бир жылдан бери жашап жүргөн. Үй-жайы жок, такси кызматында иштеп жүргөн. Эгер бул жигит жөнүндө милицияга алдын ала маалымат келсе, аны каттап, профилактикалык иштер жүргүзүлүшү керек болчу. Азыр түрмөдөн бошоп кеткен адамдар көп. 

Ыкчам кызматкерлердин колун байлаган жагдайлар тууралуу кененирээк токтолсок:

Милициянын ардагерлери Жазык-процесстик кодексинин жаңы долбоорунун 39-беренеси тууралуу айтып жатышат. 2019-жылдын 1-январынан тартып иштей баштаган Жазык-процесстик кодекске ылайык, бардык күч түзүмдөрүнүн ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өзүнүн оперативдүү иштерин жүргүзө албай калган.

Ички иштер органдарынын ардагери Жангарач Найманбаев:

Ал деген кылмыш окуясы болгонго чейин эмес, болгондон кийин ошол жерге барып, кароолчунун милдетин аткарат. Тергөөчү, прокурордун берген көрсөтмөсүн аткарат. Ал кодексте көрсөтүлгөндөй, бүт баарын көз каранды кылып койду. Башкы прокуратура «кылмыштын алдын алуу» дегенди киргизбей жатат. Ыкчам иликтөө ишмердигинин эң биринчи максаты – кылмыш иштеринин алдын алуу болуп эсептелет.

Мисалы, мындан 25 жыл мурун Тогуз-Тородо эки кишини өлтүрүп, аска-зоонун арасына катып койгон окуя болгон. Ошол кылмыш иши 6 айдан кийин бети ачылган. Болгондо да эки аялдын айткан ушагы боюнча аныкталган. Бүгүнкү күндөгү мыйзам боюнча, ошол «аялдардын айткан ушагы» сөзсүз түрдө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, аны тергөөчү алып, прокуратурага билдирип, андан кийин сурак жүргүзгөнгө да уруксат бербейт, кармап келип анан тергөө иштерин жүргүзүшү керек экен. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө мамлекет ичинде ички жооп, ички душман менен кармашууда оперативдүү кызмат, чалгындоо кызматтарын таптакыр көмүп салдык десек эч жаңылышпайбыз», — деп түшүндүрдү.

Кыргызстандын азыркы мыйзамдары боюнча кылмыш болгону тууралуу арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталмайынча, эч кандай тергөө иштерин жүргүзбөйт. Ыкчам кызматкерлер арызды каттагандан кийин гана окуя болгон жерге кароо жүргүзөт.

Мурунку жылдары 30-40 миң кылмыш катталса, бүгүнкү күндө бир жылда 130 миңден ашык кылмыш катталат. Бирок адистер майда жоруктардын баарын каттоого каршы.

ИИМдин ардагери, отставкадагы полковник Нурлан Абдылдаев Башкы прокуратура сунуштап жаткан кодекстердеги катачылыктарды атады.

— Жаңы кодекстердеги кемчиликтерди билип, биздин шарттарга туура келбегенин моюндап, кайра жаңылоо аракетин көрүп жатышат. Бул үчүн Башкы прокуратурага ырахмат айтуу керек, бул — өтө чоң жумуш. Бирок кайра эле эски каталарды кайталап жатабыз. Анткени дайыма прокуратура, тергөө органдары өзгөчө көз карашта, ал эми оперативдүү кызматкерлерди «монстр» катары көрсөтүп коюшат. Мисалы, Конституцияда да, Кылмыш-процессуалдык кодексте да көрсөтүлгөн, адамдын укугун коргоодо процессуалдык моменттерде мындай норма бар: Иштин жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү тергөө (Всестороннее, полное и объективное исследование обстоятельств дела). Муну алар прокурор менен эле тергөөчүгө жүктөп коюп жатат. Бирок практикада бул ишти экөө кыла албайт. Оперативдүү иликтөө ишмердүүлүгү – тергөөчү менен прокурордун эң чоң жардамчысы.

Дагы бир катасы – булар Ыкчам иликтөө ишмердүүлүгүн Кылмыш-процессуалдык кодекстин негизинде эле карашат. Бирок алдын алуу, профилактика деген нерсе болушу керек. Эң биринчи максат —  кылмыштын алдын алуу керек. Азыр президент буйрук чыгарып, кодекстерди жаңылоону тапшырды. Ички иштер министрлиги, башка оперативдүү кызматтар берген сунуштарды эске албай жатпайбы. Башкы прокуратура көзөмөлдү жакшы кылган менен жарандардын арызын кароону ыкчам кызматкерлер аткарат.

2019-жылдын 1-январынан тарта сот-укуктук реформанын алкагында «Кылмыш-жаза», «Жоруктар жөнүндө кодекс», «Бузуулар жөнүндө кодекс», «Жазык-процесстик кодекс» жана «Жаза аткаруу кодекси» иштеп баштаган.

Учурда эки жыл мурда күчүнө кирген бул кодекстерди кайра жаңылоо аракети көрүлүүдө. 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунда Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Бүгүн, 18-майда «Стратегиялык чечимдер» коомдук фонду да ушул тема боюнча талкуу өткөрдү. Ага катышкан Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева буларды айтты.

2019-жылы 17 кодекс жана мыйзам күчүнө кирген. Себеби бизге кайрылгандардын 90 пайызы укук коргоо органдарына, сот чечимдерине нааразы болгон жөнөкөй жарандар болчу. Ушул зарылчылыктан улам 2012-жылы соттук-укуктук реформа башталган. Башмыйзам сымал эле кодекстер да чоң бир имарат сыяктуу, анын бир жагын алып салып, же кошуп кое албайбыз. Комплекстүү реформа болушу керек. 

Айзаданын аянычтуу өлүмү. Кайдыгерликтин кесепети

Жыйынтыктап айтканда, ИИМдин ардагерлери ыкчам-иликтөө ишмердиги алдын ала иликтөөнүн көз карандысыз бөлүгү болушу керек деп эсептешет.

Copyright © 2017 Maral FM