Биз менен байланышыңыз

Айзаданын аянычтуу өлүмү. Кайдыгерликтин кесепети

Коом , Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 2355 | 0
Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекова

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзаданын өлүмү үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. 

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болду. Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүргөнү жана өзүнө да бычак сайып мерт кеткени аныкталды.

Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапты. Бул окуя коомчулукта өтө чоң нааразылык жаратып, Ички иштер министринин отставкасын талап кылган эл митингге чыкты. Ала качуунун курмандыгы болгон кыздардын коопсуздугу учурда кескин чараларды талап кылып жатат. Мындан 3 жыл мурун да 19 жаштагы кыз өзүн ала качкан бала тарабынан өлтүрүлгөн.

Жунушалиев: Бурулайдын өлүмү боюнча 23 кызматкерге чара көрүлдү

Ала качуудан өмүрү кыйылган Айзада Канатбекова бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Ал таята-таенесинин колунда чоңойгон. Маркумдун сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилди.

Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Ал Кыргыз-түрк «Манас» университетин бир жыл мурун бүтүргөн.

Окуя тууралуу маалыматтардын хронологиясы

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан Айзаданын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылды.

Кыздын апасы Назгүл Шакенова 5-апрелде милицияга арыз менен кайрылып, кызын ала качып кеткенин айткан.

Кызды «Хонда Цивик» үлгүсүндөгү кызыл түстөгү унаа менен Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде бир топ бала алып кеткени видео байкоого да түшүп калган.

Милиция бул фактыны Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, иликтөөнү баштаган.

Бирок кыз менен жигиттин сөөгү эки күндөн кийин табылды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев 8-апрелде басма сөз жыйын өткөрүп, уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованы милиция кызматкерлери убагында таба албаганы үчүн кечирим сурады.

— Окуяга катышы бар шектүүлөрдүн баары мыйзам чегинде жооп беришет. Мен сөз берем. Кыздардын атасы жана катардагы жаран катары мен ар дайым кыз ала качууга каршымын. Эгерде менин эрким болсо, кармаганда курал колдонмокмун, бирок биз мыйзам чегинде иштешибиз керек.

Бирок уурдалган кыздын сөөгү табылган автоунааны жергиликтүү тургундар байкап, милицияга кабарлашты. Ички иштер органдарынын шалаакылыгы, кайдыгерлиги учурда ар бир кыргызстандыктын нааразылыгын жаратып жатат.

Мыйзам Айзада Канатбекованы издөөгө тоскоол болду

Бишкек шаардык ИИББнин криминалдык милиция кызматынын башчысы Улан Айтбаев Айзада Канатбекованын жүргөн жерин мобилдик байланыш аркылуу эмне үчүн аныктай алышпаганын түшүндүрдү.

— Жаңы мыйзамдарга ылайык, милиция кызматкерлери абоненттин жүргөн жерин аныктоо үчүн расмий билдирүү жөнөтүшү керек. Соттун берген санкциясынан кийин техникалык учурларды алууга убакыт керек. Геолокация 6-апрелде гана орнотулган, ошондой эле бизде так маалыматтар болгон эмес. Издөө аймагы гана аныкталган. Экинчиден, биз башка телефондорду да көтөрдүк, анын симкарталарынын баарын Ош базардан бир жерден сатып алышкан, ал башка адамдарга катталган. Кыздын телефону өчүк болуп турду. Күйүп турганда гана биз геолокацияны аныктай алабыз. Ушундай жагдайлар биздин колубузду кармады.

Милиция ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекова менен анын өмүрүн кыюуга шектелген адам мурдатан тааныш болгонун, «кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнү» тууралуу айтты. Бирок кыздын санаалаш эжеси «Би-Би-Си» маалымат агенттигине Айзада шектүүдөн качып жүргөнүн айтып берди.

Жакындарынын айткандарына караганда, Айзада айласы кеткенде ал баладан кутулуу үчүн Түркияга кеткени жаткан.

Бишкек шаардык тергөө тобунун башчысы Нурлан Утемисов Айзада Канатбекова футболка менен муунтулуп өлтүрүлгөнүн билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча футболка аны уурдаган Замирбек Теңизбаевге таандык. Ал эми Теңизбаев өзүнө-өзү кеңсе бычагы менен кол салган.

— Канатбекованы уурдаган «Хонда Цивик» автоунаасына кароо жүргүзүлгөн учурда анын багажнигинен Теңизбаевге тиешелүү кийимдер салынган баштык табылган. Шектүү футболканы баштыктан алган деп божомолдонууда. Анткени өзүнүн футболкасы өзүндө болгон. Теңизбаев алгач кызды өлтүрүп, андан кийин өзүн өлтүргөн. Маркумдардын сөөктөрү унаанын арткы отургучунда табылган. Унаанын арткы айнектери караңгылатылганы үчүн ичинде адамдар көрүнгөн эмес. Ошондуктан койчу 5-6-апрелде унаада адам болгонун байкаган жок. 

Кызды уурдаган бала мурда соттолгон

Бишкек шаардык ИИББнин криминалдык милиция кызматынын башчысы Улан Айтбаевдин айтымында, шектүү Теңизбаев Кыргызстанга 2017-жылы Орусиядан кайтып келген. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Орусияда кылмыш жасаганы үчүн 6,5 жыл түрмөдө отуруп чыккан. Бул маалыматты милицияга шектүүнүн иниси айтып берген.

— Анын мурда үй-бүлөсү, эки баласы болгон. Теңизбаев «Хонда Цивик» унаасын ижарага алып, такси айдап жүргөн. Акыркы бир нече ай унаанын ичинде жашап, иштеген. Биз Орусияга кат жолдоп, расмий жооп алабыз. Бул үчүн бир аз убакыт керек.  

Бишкек ШИИББнин башчысы отставкага кетпей турганын айтты

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын убагында табылбаганы милцияга болгон ишенимди түгөттү. Бүгүн Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына жарандык активисттер, блогерлер, укук коргоочулар, шаар тургундары Айзаданын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясына чыгышты.

Алар Ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкага кетишин талап кылып, «Отставка!», «Уят!», «Министр кетсин!», «Ала качуу салт эмес, кылмыш!» деп кыйкырып турушту.

Чогулгандардын алдына өкмөт башчы Улукбек Марипов чыкты. Ал окуя тууралуу толук маалыматы бар экенин, кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында баары жоопкерчиликке тартыларын айтты.

Чогулгандар Мариповдун сүйлөөсүнө уруксат бербей, кыйкырып турушту.

— Мен деле буга абдан кайгырып турам, жүрөгүм менен айтып жатам. Кызматтык териштирүүлөр жүрүп жатат. Кечээ күнү да билдирүү жасаганбыз. Министрдин отставкага кетүү маселеси каралат. Иликтөө аягына чыгышы үчүн убакыт бергиле, мен силерге сөз берем, баары жоопкерчиликке тартылат, — деди Марипов.

Уурдалган кыздын өлүмү тууралуу 7-апрель күнү кечки саат 20:00 чамасында белгилүү болду, президент Садыр Жапаров 18 сааттан кийин реакция кылды.

— Айзада Канатбекованы ала качкандыгы жана анын өлүмү жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Коомубузда кыздарды мажбурлап никеге тургузуу дагы деле орун алып жатканы кабыл алынгыс көрүнүш. Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн чоң трагедия. Кыз ала качуу, кыздарды зордоп кармоо менен аларды эркине койбой никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келет. Ала качуу менен никелешүүгө мажбурлоо мыйзам чегинде катуу жазаланышы керек.

Чаламандын чак түшүндө уурдалып, муунтулган Айзаданын өлүмү Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында да талкууланды. Көпчүлүгү бул окуяны трагедия деп атап, милициянын иш-аракетин сындашты.

Депутат Жанарбек Акаев:

Ал эми «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев бүгүнкү отурумга «Ала качуу салт эмес! Ала качуу — кылмыш, Кылмышкерлер жазалансын!» деген жазуусу бар плакат менен келди.

Депутаттар парламент отурумуна Ички иштер министри Улан Ниязбековдун келишин талап кылышты. Ал күндүзгү саат төрттөн өтүп келди.

ИИМдин маалыматына ылайык, Кылмыш кодексинин 175-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, кыз ала качууга айыпталгандар эң көп 7,5 жылга кесилет. Экинчи бөлүгү боюнча, жашы жете элек кызды ала качкандар 10 жылга соттолот.

2020-2021-жылдар аралыгында Бишкекте 92 мажбурлап никеге туруу фактысы катталган. Анын 75и токтотулуп, 8 факты тастыкталган. Шектүүлөр кармалып, иштин материалдары сотко өткөрүлгөн. Учурда 9 иш иликтенүүдө.

Айзада Канатбекованы ала качууга шектелгендердин экөө кармалып, үчүнчүсү изделип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM