Биз менен байланышыңыз

Бишкек ШИИББнин башчысы отставкага кетпей турганын айтты

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1650 | 0

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси уурдалган кыздын өлүмү тууралуу ишти аягына чыгармайынча, отставкага кетпей турганын айтты.

8-апрелде басма сөз жыйынында журналисттер Бишкек милициясынын башчысынын отставкасы тууралуу сурашты.

Белгилей кетсек, кечээ 7-апрель күнү Бишкектен уурдалган 27 жаштагы Айзаданын сөөгү табылган.

Маалыматка караганда, ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон.

Окуя тууралуу милицияга 7-апрелде маалымат түшүп, жерине кызматкерлер барган. Унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркектин сөөгү табылган. Аларга кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан, ал эми эркек бычактан алган жаракаттан каза болгону аныкталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө. Ала качууга тиешеси бар деп шектелген бир жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Буга чейин социалдык тармактарга Бишкектин Тыныстанов-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен 3 адам 1 кызды унаага күч менен салып, уурдап кеткен видеосу тараган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM