Биз менен байланышыңыз

«Процентомания», бюрократия. Милициянын ишиндеги тоскоолдуктар

Коом , Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 7016 | 5

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалып, кийин муунтуп өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы ички иштер органдарындагы жалпы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Адистер чукул реформа жасалышын талап кылып жатышат.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлеринин иштөөсүнө тоскоолдук жараткан бюрократиялык жагдайлар бар экени маалым.

Биз бир канча милиция кызматкери менен байланышып, алардын иштөө тартибиндеги көйгөйлөрүн уктук. Каармандардын өтүнүчү менен аты-жөнүн жашырып, айткандарын гана бердик.

…Бизге бирөө арыз жазганда алгач ал катталат. Андан кийин ошол үстүнөн арыз түшкөн адамды колдонуп жүргөн телефон номери аркылуу кайсы жакта жүргөнүн аныктоо үчүн токтом жазып алып, сотко барабыз. Прокурор менен чогуу сотко киребиз, ал жактан макулдук берилет же артка кайтарылат. Соттун токтомун күтүп, ал даяр болгондон кийин компанияларга таштайбыз — Ошка, Билайн, Мегаком уюлдук операторлоруна. Алардын да өзүнүн мөөнөтү бар, кээде он күн, он беш күн күтүү керек болот.

Ыкчам кызматкерлердин колу байланып калган

…Мисалы, ар кандай кылмыштар бар. Эгер «пилинг» дей турган болсо, ал жөнүндө токтомду алып, Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгына барабыз. «Пилинг» менен ушул башкы башкармалык гана алектенет. Агенттер, азыркы министр да ошол жактан башчы болгон. Алар негизинен жашыруун иштешет.

«Пилинг» деген — изделип жаткан адамдын, кылмышкердин уюлдук телефону аркылуу кайсы жерде жайгашканын табуу, алардын өздөрүнүн жабдуулары бар, ал 95 пайыз анык маалымат берет.

Мисалы, кылмышкер батирде жашырынып отурса, «пилинг» аркылуу кайсы үй жана батирине чейин айтып бере алат. Бирок «пилингге» тергөөчүлөрдүн ыйгарым укугу жок, «секретка» деген нерсе бар, ошонун негизинде ыкчам кызматкерлер тапшырма жазат, анын негизинде агенттер иштейт.

Кыскасы, бир адамды аз убакыттын ичинде табуу кыйын. Ыкчам кызматкерлердин колу байланып калган, алар бир гана токтомдун негизинде иштейт.

Ал эми тергөөчүлөрдүн жумушу өтө көп. Мисалы, ар бир тергөөчүдө 80-100-120дан иштери бар. Анын үстүнө азыр тергөөчүлөрдү кыскартабыз деп жатат, алардын түйшүгү дагы көбөйөт.

Кыргызстандын азыркы мыйзамдары боюнча, арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталмайынча, эч кандай тергөө иштерин жүргүзө албайсың. Катталгандан кийин гана окуя болгон жерге кароо жүргүзөсүң.

 

…Милиция кызматкерлерине эч кандай социалдык камсыздоо каралган эмес, эч кимисинин бензинине акча бөлүп же канцелярдык товарын алып бербейт,  аны бардык кызматкерлер өздөрү сатып алышат.

10 миң сомдук телефон жоголсо табылбайт

…Биздин мыйзамдарда көп кемчиликтер бар. Мисалы, кайсы бир жаран бизге 10 миң сомго чейинки телефон жоголгону тууралуу арыз менен келсе, ал табылбайт деп эле айтса болот. Себеби мыйзамга ылайык, жеңил жана орто оордуктагы иш «дознователге» берилет. Алар соттон уруксат ала алышпайт. Мыйзамда ушундай жазылып калган.

Кээ бирлер үчүн 10 миң сомдук телефон чоң эле буюм болушу мүмкүн, бирок мыйзамда ал телефондорду табуу үчүн эч кандай чара каралган эмес…

«Процентомания»

…Азыр ИИМдин системасында «процентомания» деген нерсе бар. Ал баарынын жумушуна тоскоолдук кылат. Бул эмне деген? Мисалы, быйыл канча иштин бетин ачып, сотко өткөрсөң, ошончо пайыздагы ишти кийинки жылы да толукташың керек. Кандай жол менен болсо да, айдын аягына келгенде ишти сотко өткөрүү керек же кыскартуу зарыл деген түшүнүк бар. Ошон үчүн башка иштер токтоп калат.

Ар бир кызматкер же ар бир район өткөнкү жылдын пайызын жабышы керек. Бул Советтер Союзунан калган система, азыркыга чейин иштейт. Ал жок болсо, ар бир арыз менен өзүнчө иш алып барылмак. «Процентомания» системасы бардык ишке объективдүү мамиле кылууга тоскоол болууда. Буга кызматкерлердин көпчүлүгү каршы. Башка кылмыштарды бир эле иш менен бириктирип туруп, сотко өткөрүүгө туура келет.

Кадр жетишсиз

…Кадр жетишпейт, социалдык камсыздоо жок. Финпол жоюлуп кетип, ИИМге, Шаардык ички иштер башкы башкармалыгына штат ачабыз дейт, бирок анда да райондогу кызматкерлерди кыскартып, ошол жакка кошуп коюшат.

Азыр Бишкекте калктын саны көбөйүп жатат, миллиондон ашты. Кызматкерлер жетишпейт. Мисалы, Биринчи Май району боюнча 400 миң адамга 40 тергөөчү туура келет. Бир тергөөчү 100-200 ишти карайт. Штат көбөйтүлгөндө, ар бир ишти толук, объективдүү караганга мүмкүн болмок.

Кагаз өтүнүч кат, убакыт…

Мисалы, Бишкекте Айзада Канатбекованы уурдашты, ал унааны ким колдонуп жүргөнүн аныктоо үчүн компаниялар аркылуу Каттоо кызматына, «Унаа» ишканасына өтүнмө берилет. Ошондо гана машине кимге тийиштүү экени аныкталат.

Казакстанда болсо маалыматтардын автоматташтырылган системасы бар. Биздеги «Түндүк» системасы сыяктуу. Ал жакта адамдардын бардык маалыматы бар, паспорт, «Форма -1» жана башка. Биздин кызматкерлер көбүнчө уруксат алууга эле убакыт кетирет…

Бишкектеги көчөлөрдүн биринде 27 жаштагы кыз уурдалып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул иш боюнча милицияга арыз 5-апрелде түшкөн, кыздын жана аны өлтүргөн жигиттин сөөгү 7-апрелде табылды.

Бул окуя милицияга болгон нааразылыкты күчөтүп, коомчулук министрдин отставкасын талап кылды.

5 пикир

5 пикир

  1. Айбек

    10.04.2021 18:26

    Мунун баары туура

  2. Жашыруун

    10.04.2021 18:30

    Айта турган коп эле нерсе бар, менда опер кызматкеримин, Албетте болуп откон каргашалуу окуя окунучтуу, бизде эже карындаш бар, бирок белгилеп кетчуу нерсе Жогорку кененште Карпова жаткан маселеге туздон туз ошол депутаттардын да тиешеси бар, себеби: азыркы биз иштеп жаткан мыйзамды ошолор колдоп берген, чындыгында кочодогу бомжунда кыйын азыр, жон эле шек жаратып текшеруу мумкун болбой калды, мисал келтире кетсем: Тун жарымда озубуз тейлеген аймакты Бир карап койолу деп журсок, Антип жургон озу мыйзамсыз, бирок элдин тынчтыгы деп, ээн таалада Тун жарымда машина турган коросун, акыл эси дурус адамга ал машина дароо эле шек жаратат, тууравы, барсан деги эле кыз жигит же достор ичишип отурган болот, ошондо алар Ким екенин билиш керекби? Албетте, Ким кепилдик Бере алат, алар кылмышкер эмес деп же уурулук кылбайт деп, демек текшерип оздукторун карап, эскертуу бериш милдет деп эсептейсин, текшерип баштайсын, сурайсын кайактан келдинер, ж.б ошондо алардын арасынан биздин депутаттарга окшогон акылдуулар чыгат «на каком основании текшересин» кана кагазын поручениян кана, же кыз киши болсо анын жанында оздугу жок болот, кыскасы ызычуу башталат, бирок алардында талабы туура. Жон ичип эс алып отурган адамдардын шаанын бузсан, бирок Ким айталат ал шандын аягы ыйга айланып кетпейт деп, мумкун арасында мурда соттолгондор бар чыгар, чекесинде жазылып турбайтда, жок дегенде ошол адамдын соттолгон соттолбогон же издоодо жургонун билуу мумкун эмес, ал учун бери жагы 3-4 кун кетет, кыскасы ошондой жонокой нерселерди да кыла албай калдык, кол байлануу, Айла жок, иште, жакпаса кет дейт, дагы Бир мисал: бизге чакыруу тушту тундо Бир уйдо ызычуу деп барсак куйоу аялы мас екен урушуп жатыптр,аялы арыз жазды биз эч нерсе кыла алган жокпуз, болбосо куйоу бизди оозго алгыз создор менен согуп жатат, биз кеттик эртеси кайра ошол уйго чакыруу тушконун уктум , кийин билсем аялы куйоун идиш аяк менен чапкан екен, куйосу олуп калыптыр, кийин Аял камалып кетти , менин айтайын дегеним ошол биринчи чакырууда куйосун алып келип аялынын арызынын негизинде 3- же 5 сутка камагында , бул окуя болмок эмес, . Кыскасы мурунку каршылык коргозуу боюнча убактылуу камакка алуу протоколун киргизуу керек, ошондо мен кепилдик берем, кочодогу жанагы анча мынча кыйындарын, байларын, мастарын 5 кундо эсине келет жана екинчи кайталабайт, болбосо барсан, колунан эмне келет деп кыйкырат мастарын же кыйындарын, керек болсо сени жумушунан алдыртып койом дейт, болбосо озу кочодо селсаяк, бирок карап корсом чын эле неге келдим дейм, чын эле колуман эмне келет, неге текшердим деп окуном, кээ бирлери эртеси прокуратура га барып арызданат, кече жон эле отурсам мени келип текшерди деп, вал анан прокурорун баш болуп баса калат, эмненин негизинде текшердин чача пача башталат, Бирок ал мен текшерген адамга эч Ким кепилдик Бере албайт эртен кылмыш кылат деп, жада калса ошол прокурорун, себеби алар кабинетте мен кочодо Эл менен иштейм,

  3. Аида

    10.04.2021 23:51

    Алган айлыгы бензинден ашпайт, обедке да пирожки эле жеп алышат, акчасын үнөмдөп.Райондогу участковойлор участкасына чыкканда, айылдарда тамак сата турган жерлер да жок,ачка жүрүшөт. Күнүнө 12 сааттан 18 саатка чейин иштешет.ИДНдерге болсо баланын саны аз деп, 9-10 айылды берип коюшат, ал айылдар да райондон бир канча алыс, ошол айылдарга күндө барат, бензин түтпөйт, бензин эле эмес машинасы да бузулат. Айта берсе сөз көп. Эчтекеге жарабаган кагаз иштери тажатат. Кагазды азайтып, ишке өткүлө десе болмок.

  4. Коля

    11.04.2021 15:38

    100процент туура.

  5. Мен

    12.04.2021 00:25

    Эн туура айтылган иштин маани маңызын билбестен ар ким ар кандай ой пикир айтат. Иштин кандайлыгын иштеген адам жана анын үй-бүлө мүчөлөрү гана билет калганынын баарысына милициянын жумушу семичке чаккандай көрүнөт. Ошолор сөздү сасытат

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM