Биз менен байланышыңыз

Парламент «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизүүнү колдоду

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 509 | 0

Жогорку Кеӊештин 17-майда өткөн кезексиз жыйынында «Кумтөр» алтын кенинин ишмердигин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын отчету талкууланган соӊ, Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Токтомдо Мамлекеттик комиссиянын «Кумтөр» алтын кенинин ишмердигин иликтөө жыйынтыгы эске алынып, комиссиянын иштөө мөөнөтү дагы 3 айга узартылды.

Андан тышкары «Кумтөр» алтын кенинде түзүлгөн жагымсыз кырдаал эске алынуу менен Министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» компаниясына убактылуу тышкы башкарууну киргизүү жана тышкы башкаруучуну дайындоо сунушу берилди.

«Centerra Gold» компаниясынын Директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Теңиз Бөлтүрүк Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында арбитраждык сотто Кыргызстандын кызыкчылыгын Нью-Йорктун жана Торонтонун юридикалык компаниялары коргой турганын кабарлады.

Купуялуулукка байланыштуу юридикалык компаниялардын аталыштары ачыкка чыгарылбайт.

Эгер «Кумтөр Голд Компани» ишканасын сырттан башкаруу боюнча токтом кабыл алынса, компанияга ким жетекчи болорун Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында аталган мекеменин ишин текшерүү боюнча комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ачыктады.

Депутат Улукбек Ормонов компания Кыргыз Өкмөтү тарабынан башкарыла турган болсо, ким жетекчи болорун сураган.

Жапаров учурда жетекчилик кызматка Канададан чакырылган тоо инженери Теңиз Бөлтүрүк жана дагы бир вариант катары Мексикадан келген адис Абыл Сыдыков даярдалып жатканын айтты.

«Теңиз Бөлтүрүк ушул тапта Казакстанда бир долбоорду ишке ашырып жаткан экен. Ал чакырылды. Кызыкчылыктар кагылышы болбосун деп, ал «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңешинен чыгып кетти (ал кеңешке мүчө катары 11-май күнү тандалган — ред.). Ал эми Абыл Сыдыков Мексикада иштеп жүрөт, бул жакка эмгек өргүүсү учурунда келди. Иштеп бер десеңер Кыргызстанга кайра көчүп келем деп жатат», — деди Жапаров.

Кыргызстан 28 жылда насыя, грант катары 11,4 млрд доллар алган

Copyright © 2017 Maral FM