Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 28 жылда насыя, грант катары 11,4 млрд доллар алган

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 505 | 0

1992-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстан чет жактан насыя, грант катары жалпы 11 млрд 426 млн доллар алган. Ошол эле мезгилде «Кумтөрдөн» түшкөн дүң кирешенин көлөмү 11 млрд 338 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында «Кумтөр» маселеси боюнча талкууда билдирди.

Анын маалыматы боюнча, калдык сактоочу жайдагы мамлекеттин менчигине алынып жаткан баасы 5 млрд 300 млн доллар 106 тонна алтындан тышкары, дагы 400 тоннага жакын алтын бар.

Кыргызстандын экономикасында «Кумтөр» алтын кенинин мааниси, ролу, орду зор. Биздин милдет эми «Кумтөрдүн» калган мүмкүнчүлүгүн өлкө үчүн, өлкөнүн жарандары, келечек муундар үчүн иштетүүдө турат.

«Кумтөрдү» толугу менен өз карамагыбызга алууга Кыргызстандын бир нече жолу мүмкүнчүлүгү болгон. Башкы келишим боюнча 2007-жылы «Кумтөр» биз тарапка өтмөк. Ал шартты 2003-жылы Акаев түзгөн келишим жоюп салган. Экинчи жолу 2009-жылы Бакиевдин тушунда, үчүнчү жолу 2012-жылы Атамбаевдин тушунда болгон. Акаевдин убагында 156 тонна, Бакиевдин убагында 68,2 тонна, Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен. Кыскасы, Кыргызстандын 4 президенти тең «Кумтөр» маселесин чечүүдө эрк көрсөтө албаптыр», — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле кыргыз тараптын макулдугусуз эле Кыргызстандын «Центерра Голд» компаниясындагы акциялык үлүшү 33,3 пайыздан 26 пайызга чейин азайтылган. Кезинде кен иштеткен компанияга салынган 6 млрд сомдон ашуун санкция өндүрүлбөй калган. Жергиликтүү өнүмдөрдү сатып алуу да бардык сатып алуулардын 25 пайызын гана түзөт. Мисалы, ал Монголияда 85 пайыздан ашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM