Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Кумтөр» боюнча жоопкерчилик кимде болорун айтты

Кыска кабар | 17 мая 2021 | 1241 | 0

Кыргызстандын жаңы кабыл алынган Конституциясы боюнча, өлкө «Кумтөргө» байланыштуу соттошууларда утулуп калса, жоопкерчилик президентте жана министрлер кабинетинде болот.

Бул тууралуу парламенттин кезексиз жыйынында депутат Акылбек Жапаров айтты.

Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов: «Эгер иш тескери кетип калса, ким жооп берет?» — деген суроо койгон.

«Азыркы иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлигинин башында президент турат. Демек, президент, анан министрлер кабинети жооп берет, аткаруу бийлиги соттошот да», — деди Акылбек Жапаров.

«Кумтөр» алтын кениндеги ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссия парламент жыйынынан кийин токтом кабыл алып, Башкы прокуратурага бир топ жетекчилердин жана кызмат адамдарынын ишине юридикалык баа берүүнү сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM