Биз менен байланышыңыз

Банкроттук абалга кептелген ири заводдор (сүрөт, видео)

Экономика | 14 мая 2021 | 3599 | 0

Бишкектеги эң чоң өндүрүш заводдорунун чыгымы көбөйүп, банкрот болуу алдында турат. 

70 гектар аянтты ээлеп турган «Бишкек машина куруу заводу» Ачык акционердик коомунун мамлекетке карызы 200 млн сомдон ашык. Завод банкрот болуу алдында турат. Андагы өндүрүш цехтери мышык ыйлай турган абалда. Буга байланыштуу ишкананын жетекчилиги эскирген заводду жаңылоо же менчикке берүү боюнча сунуштарды карап чыгууда.

«Бишкек машина куруу заводу» ААК башкармалыгынын жетекчиси Бекболот Бактыбеков өлкөдөгү экономикалык, саясий туруксуздук өндүрүштүн токтоп калышына себеп экенин айтат. Ал 80 жылдык тарыхы бар заводду сатууга каршы. Учурда ички жана тышкы инвесторлордон сунуштар түшүүдө. Завод эң башында аскердик багыттагы продукцияларды, ок-дарыларды чыгарып келген. Азыр жетекчилиги ишкананы баштапкы абалына кайтарууга ниеттенүүдө.

— Бул завод 1941-жылы курулган, тагыраагы, Лугансктан көчүрүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш маалында бардык өндүрүш ишканалары Советтер Союзунун айланасына көчүрүлгөн болчу. Кыргызстанда эң биринчи станок аскердик багыттагы продукцияларды 1941-жылы 6-ноябрда чыгарган. Тилекке каршы, учурда бул завод кандай абалда экенин көрүп турасыңар. Советтер Союзу урагандан кийин заводдор токтоп калган. Бул жерден чыккан бардык продукция СССРдеги мамлекеттерге сатылчу. Азыр өндүрүш цехтеринин жарымы өз максатындагы продукцияларды чыгарат, көпчүлүгү ижарага берилген. Алар эл керектөөчү буюмдарды өндүрөт. Цехтердин басымдуу бөлүгү мышык ыйлай турган абалда. Станоктор моралдык жана материалдык жактан эскирди. Биз азыр эки ишкана – «Бишкек машина куруу» заводу жана «Бишкек штамптоочу» заводу мекемелерибизди модернизациялоо боюнча чараларды көрүп жатабыз. Бул жерге соода борборун куруу тууралуу да сунуш түшүп жатат. Бирок биз башындагы максаты – коргонуу багытындагы ишкана болсо деп ойлойбуз.

«Бишкек машина куруу» заводу жайгашкан жерде «Бишкек штамптоочу» заводу да бар. Бул ишкана 2001-жылдан 2017-жылга чейин ишеним башкаруу келишими менен иштеп, андан кийин өз алдынча болгон. 2018-жылы март айынан тарта киреше берип баштаган.

Өндүрүлгөн ок-дарылар Орусия, Казакстан, Беларусь, Польша, Чехия, Түркия жана башка өлкөлөргө экспорттолот. Калган жабдуулар октун башка түрлөрүн жасоого ыңгайлашкан.

Учурда заводдо бош турган цехтер да бар. Аларды ижарага берүү аракети көрүлүүдө. Заводдо жалпы 400 адам эмгектенет. Бул заводддун да мамлекетке 200 млн сомдун тегерегиндеги карызы бар.

«Бишкек штамптоочу» заводунун директорунун орун басары Алмаз Акматалиев инвесторлордон суроо-талап болгону менен өндүрүлгөн продукцияны сатууда маселе бар экенин айтты.

— Биздин завод бюджеттен акча албайт, толугу менен чарбалык эсепте. Негизги өндүрүштүн 99 пайызы сыртка экспорттолот. Башкача айтканда, мамлекетке сырттан валюта алып кирет. Биздин карыз да 200 млн сомдун тегерегинде. Анын азайбай жатканынын себеби – эң чоң салыктар Соцфонд менен Салык кызматынын алдында. 3 жылдын ичинде 50 млн сомдон ашык салык төктүк, Соцфондго да төлөп жатабыз. Бирок салык системасында ушундай экен, биздин төккөн төлөмдөр эски карызды жабууга кетип, учурдагы төлөмдөргө туумдар өсө берет, ошонун эсебинен карыз азайбай жатат. Карыздар 2005-жылдан бери топтолду. Биздикиндей заводдор Орусияда да бар, алардын көбү менчикте. Биздики стратегиялык жагы толук мамлекеттин колунда.

Бирок ошого карабастан, 2018-жылы өндүрүлгөн продукциянын жалпы суммасы 48 млн сом, 2019-жылы 236 млн сом болду. 2020-жылы пандемияга карабастан 400 млн сомдук кирешеге жакындап бардык. Таза киреше 2020-жылы 36 млн сомду түздү.

Учурда инвесторлордон сунуштар түшүп жатат. Бирок логистика маселеси эң кыйын, себеби деңизге чыга албайбыз, биздин продукция авиакаттам менен гана ташылат. Авиаташуу өтө кымбат турат. Сатып алуучуларга биздин заводдун өндүрүшүнүн сапаты жагат, бирок ташууга келгенде эле көйгөй жаралат. Анткени жер транспорту менен коңшу мамлекеттердин деңиз транспортуна чейин ташып өтүү оорчулук жаратат.

Кыргызстанда 104 мамлекеттик ишкана болсо, анын 38и гана мамлекетке пайда алып келет. Андан тышкары 60 чарбалык коом иштеп жатат, анын 25и гана кирешелүү. Мамлекеттик ишканалардан бюджетке 1 млрд сомдун тегерегинде киреше түшөт, чарбалык коомдордон 3-5 млрд сомдой акча түшөт.

Мамлекеттик мүлк фонду учурда концепция иштеп чыгып, банкроттук абалга келип калган мамлекеттик ишканалардын тагдырын чечкени жатат.

— Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттик ишканалар кандай абалда экенин көрүп турасыңар. Аларды трансформация кылууга убакыт жетти. Азыр министрликтердин жетекчилиги менен кеңешип, мамлекеттик мүлктөргө жалпы инвентаризация жүргүзүлүп, тизме түзүлөт. Ал тизме боюнча кайсы мекеме сатылары, кайсы ишкана кандай жаңыланары тууралуу да маалымат беребиз, — деди Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Канат Рыскулов.

Президент Садыр Жапаров 5-майда Конституция күнүнө карата элге кайрылып жатып, мамлекеттик ишканалар жеке менчикке өткөрүлөрүн айткан. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистери менчиктештирилет. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти бир жылда аткарып, андан кийин жоюлат.

Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү сунушталган.

Мамлекеттик ишканалар менчикке өткөрүлөт. Кимге пайда, кимге зыян?

Учурда эскилиги жетип, жаңыланууга муктаж болгон мамлекеттик мекемелердин бири — кендерди иликтөөчү «Борбордук лаборатория» ишканасы. Ал 1940-жылдан бери иштейт. Өлкөдөгү бардык кендерди изилдеген лаборатория. Бирок 30 жылдан бери мамлекет тарабынан көзөмөл да, каржылоо да болбой калган. Жеке менчикке өтүп кеткен. «Борбордук лабораториянын» үлгүлөрдү даярдоо участогунун башчысы Алтынбек Айбикеев кендин үлгүсү кандай изилденерин түшүндүрүп берди:

Киреше бербей калган мамлекеттик мекемелердин дагы бири — «Кыргыз автобекети» ишканасы. Ага 7 автобекет, 8 автостанция карайт. Ал 2018-жылы бириктирилген. Былтыр пандемия башталгандан бери автобекеттердин баары жабылууга мажбур болгон. Ошол үчүн кирешенин булагы 50 пайызга чейин төмөндөп кеткен. Былтыр 343 адам иштесе, быйыл 318 адам эмгектенет.

Мыйзам боюнча автобекеттер жүргүнчү ташуу менен түздөн-түз алектене албайт, ошол себептен балансында жүргүнчү ташый турган автобустар, кичиавтобустар жокко эсе.

«Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Максат Жумабаев:

— 2019-жылы бир да автобекет чыгымга учураган эмес, баарында оңдоп-түзөө иштери башталган. Мисалы, Нарын облусундагы чоң автобекеттерди ремонттой баштадык. Пандемия учурунда биздин ишмердүүлүк токтоп, кирешебиз түштү, азыр да чектөөлөр бар. Албетте, бул киреше булагын азайтат. 2019-жылы 5 миллиондон ашык жүргүнчү тейлегенбиз. Биздин киреше бекитилген каттамдарга жараша болот, — деди.

Бирок автобекеттерди менчикке өткөрүүгө айдоочулар каршы. Алардын бири Токмок-Бишкек багыты боюнча кичиавтобус менен каттаган Элдияр Кочкорбаев. Анын пикиринде, автобекеттер жеке жактын башкаруусуна берилсе, жол акысы көтөрүлүшү мүмкүн.

— Автобекеттердин башкаруусу өкмөттө турганда, өкмөт койгон баа менен иштейбиз. Ал эми жеке менчикке өтсө, бааны өз эрки менен бекитет. Эгер ишкана айдоочуларга бере турган акыны көбөйтүп койсо, биз да жол кирени көбөйтүшүбүз керек болот. Бирок жол акыны көтөрсөң эл каттабай, түшпөй койбойбу, каршы чыгат да баары. Мисалы, азыр элди 50 сомго ташып жатсак, 100 сомго көтөрүп койсо, эч ким түшпөй коет. Анда бул чоң ишканадан кандай пайда? Жоюп эле салуу керек болот. 

Кыргызстанда 1990-жылдары да менчиктештирүү саясаты жүрүп, аягына чыкпай, коррупциялык көрүнүштөр көп болгон. Ошол эле учурда мамлекет иштете албай банкрот болгон ишканаларды жеке менчикке берүүдө пайда көп экенин айткандар арбын.

Экономист Элдар Абакиров менчиктештирүүнү мындан 2-3 жыл мурун, экономикалык көрсөткүчтөр жакшы кезде баштоо туура болмок деген пикирде. Ал буга мисал катары, «Манас» эл аралык аэропортун айтты.

— Мындан 2-3 жыл мурун аэропорт жылына 3 миллиондон ашык  жүргүнчүнү тейлечү. Ошол кезде сатылса, кымбат сатылмак. Же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк дейбиз, ал үчүн жакшы инвестор таба алмакпыз. Бирок ал кезде жетекчиликтин саясий эрки жеткен жок. Азыр жакшы инвестор табуу кыйыныраак. Ал кезде аэропорттун кызматын жылына 3 миллиондон ашык жүргүнчү колдонору, бюджетке кеминде 1,5 млрд сом киреше алып келип жатканы айтылмак. Анда инвесторго 25 жылга берип, «Келерки 5 жыл ичинде 400 млн доллар инвестиция кыл. Кошумча учуп-конуучу тилке кур, жанына дагы бир чоң аэропорт кур» деген шарттарды койсок болот болчу. 5-10 жылдан кийин аэропорттун кызматын 3 миллион эмес, мүмкүн 6-10 млн жүргүнчү колдонуп баштамак, бул — ички дүң продукцияга ошончо акча түшөт деген сөз. Анда баары утмак. Азыр көрсөткүчтөр башка, жакшы инвестор таба албайбыз. Инвестор 2020-жылдагы көрсөткүчтөрдү карайт. Биз же 2018-жылдын көрсөткүчтөрү менен беришибиз керек, же экономика от алганча кое турушубуз керек. Бирок канчалык кеч баштасак, ошончолук кеч өнүгөт. Ошол факторду эске алуу керек, — дейт экономист.

Талдоочулар «авторитардык мамлекет — начар башкаруучу» дешет. Ошондуктан мамлекеттик мүлк рентабелдүү болуп турса да, зыянга учурайт.

Copyright © 2017 Maral FM