Connect with us

Мамлекеттик ишканалар менчикке өткөрүлөт. Кимге пайда, кимге зыян?

Саясат | 6 Май 2021 | 3130 | 1

Кыргызстанда мамлекеттик мүлктөр жеке менчикке өткөрүлө баштайт.         

Экономикалык реформанын алкагында мамлекеттик ишканаларга реструктуризация жүргүзүлүп, келечекте алар жеке менчикке өткөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 5-майда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында элге кайрылып жатып айтты.

Жапаровдун пикиринде, мамлекеттик мекемелерди жеке менчик натыйжалуу иштетерин экономикалык реалдуулук ырастады.

— Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу керек. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү болсо, министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм.

Жогоруда аталган реформалар экономиканын приоритеттүү секторлорун: энергетиканы, тоо-кен тармагын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Президент Садыр Жапаровдун мындай билдирүүсү учурда эки ача пикирлерди жаратып жатат. Себеби Кыргызстанда 90-жылдары да менчиктештирүү саясаты жүрүп, аягына чыкпай, коррупциялык көрүнүштөр көп болгон.

Ошол эле учурда мамлекет иштете албай банкрот болгон ишканаларды жеке менчикке берүүдө пайда көп экенин айткандар да арбын. Алардын бири экономика маселелери боюнча эксперт Эсен Момункулов.

Анын пикиринде, мамлекет чарбалык иштерге аралашканда экономикада жылыш болбойт. Азыр өлкөдө иштебей турган, киреше алып келбеген мамлекеттик мекемелердин да чыгашасы көп. Ошондуктан мамлекет карамагындагы ишканаларды жеке бизнеске берип, алардан салык, бажы, социалдык төлөмдөрдү алып турушу керек.

— Мамлекет эч качан жеке менчик менен атаандаш боло албайт. Ошол себептен мамлекеттик мекеме жакшы иштебей, киреше алып келбей жатса, базар экономикасына жараша иштей албай жатса, жумуш орундары кеңейбесе, өзгөрүүлөр киргизлбесе, анда ал ишкананын кереги деле жок. Азыр кагаз жүзүндө эле мүлк болгон, бирок тонолуп бүткөн ишканалар толтура. Эгер азыр өкмөт ушундай чечкиндүү кадамдарга барса, абдан жакшы болот. Дүйнөдө менчик ишканалар гана иштейт, мамлекет регулятор катары болот.

Менин оюм боюнча, мамлекеттик делген ишканалардын акциясын кыргыз биржасына чыгарып, кыргыз жарандарына да сатса болот. Эгер сырттан инвестор келип сатып алса, андан да жакшы болмок. Бирок бизде азыр популизм күчөп турганда, өз жарандарыбызга гана сатабыз десе деле болот, ошондо да жакшы натыйжа берет. Мисалы, «Манас» аэропортуна жеке ишкерлер ээлик кылса, алар сырттан ири операторлорду жалдап алып келип, авиакаттамдарды көбөйтө алышат. Авикаттам көбөйгөндөн кийин аба майдандын жанына толтура ишкана ачылат. Келген ар бир турист жүздөгөн ишкананын ачылышына өбөлгө түзмөк. Ошондуктан муну жасаса болот, базар экономикасынын рычагдары бар.

Мисалы, «Манас» аэропорту учуп жаткан жарандарыбыздын ар бирөөсүнөн 15 доллар алып отурганын киреше деп көрсөтөт, андан башка кирешеси да жок. Биздин мамлекет Венесуэла, Куба, Түндүк Корея ж.б. окшоп же толук базар экономикасынын инструменттери, ыкмалары менен жашашы керек, же толук социалисттик жолго түшүшү керек.

Мындан 20 жылдай мурун Мамлекеттик мүлк фондун жетектеген экс-депутат Равшан Жээнбеков менчиктештирүүнүн башында тургандардын бири. Ал азыркы бийликтин бул кадамын колдойт жана кандай жүрүшү керектигин айтып берди.

— Биз менчиктештирүүгө барышыбыз керек. Мамлекеттин колунда негизги гана стратегиялык объектилер калбаса, калганынын баарын менчикке беришибиз зарыл. Менин оюм боюнча, мамлекет колуна бир гана аэропорт, энергетикалык компанияларды алып калса болот. Чынында, менчиктештирүү бизге окшогон мамлекеттерде оор, катаал өтөт, жаңылыштык болот. Биз аны моюнга алышыбыз керек. Себеби бизде мамлекет да, эл да коррупциялашкан. Мындай жерде сөзсүз түрдө ката кетет. Бирок азыр жарандык көзөмөл, таасир күчөгөн учур. Ошондуктан менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууга убакыт келди.  

Кыргызстанда 1991-жылдан баштап 10 миңден ашык мамлекеттик ишкана менчиктештирилген. Массалык менчиктештирүү 1996-жылга чейин жүргүзүлүп, бул мезгилде көптөгөн адамдар купондук аукциондор аркылуу менчик ээлери болуп калышкан.

Мамлекетке тийиштүү мүлктөрдүн жеке колго берилип кетишине Мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Орозбек Нусубалиев каршы. Ал убагында «Ысык-Көл» мейманканасын кореялык компаниялардан соттошуп жүрүп кайтарганын эске салып, тескерисинче, мамлекеттин карамагандагы мүлктөрдүн санын көбөйтүүгө чакырат.

Ошол эле учурда мамлекет карамагындагы ишкананы туура башкаруу жолун тандоо керек. Ал үчүн мүлк башкарган жетекчиликке жасаган ишине жараша айлыгынан тышкары, бонус системасын киргизүү керек. Ошондо гана мамлекеттик мекеме ири өлчөмдө каражат алып келген тармакка айланат.

— Мамлекеттик мүлк фондуна барган жетекчилердин көбү баюу үчүн барып, майлуу-сүтүү объектилерди чоң кызматтагылардын буйругу менен арзан сатып, мамлекетке зыян келтирип жүрүшкөн. Бул чындык. Реформа кылуу керек. Экинчиден, мамлекеттик ишканаларды саясаттан тышкары кармап, көзөмөлдү күчөтүп, өлкөгө пайда келтире турган кадрларды тандоо керек. Ошол эле учурда, аларды кызыктыруу үчүн бонустук системаны киргизүү зарыл. Ишкананын таза пайдасынан аябай туруп эле 10 пайызын беришибиз керек. Ишкананын кирешеси ошол жетекчинин убагында миллион тапса, анын 100 миңин айлыгынан тышкары бонус катары берсе, кызыгып иштешет. 

Экономист Элдар Абакиров, ири стратегиялык объектилерди менчиктештирбей, «мамлекеттик жеке өнөктөштүк» программасы аркылуу иштетүүнү сунуштайт. Ошондой эле, менчиктештирүүдөн мамлекет да, эл да пайда көрүшү керектигин айтат.

— Эффективдүү иштете албаган мамлекеттик ишканаларды жеке жакка берүү керек. Бирок бул ачык-айкын, так өтүшү керек. Мындан мамлекеттик бюджет да, эл да утушу керек. Мындан башка жолу жок. Менчиктештирүү мамлекеттик мүлктү басып алууга окшошуп кетпеши керек. 

Мындан тышкары мамлекеттик ишкананы менчикке өткөрбөй эле «мамлекеттик жеке өнөктөштүк» программасы аркылуу да иштетсе болот. Ошондо да эффективдүүлүгү көбөйөт, узак убакытка башкарууну берип, мекеменин өзүн менчикке өткөрбөсө да болот. Ири стратегиялык ишканаларга ушундай жолду колдонсо болот. 

Дагы бир маселе, азыр менчиктештирүүнү ишке ашыра турган учур эмес. Анткени аэропорт, темир жол сыяктуу чоң-чоң объектилерде өлкө экономикасы басаңдап, көрсөткүчтөрү ойдогудай эмес. Ошондуктан утуш азыраак болуп калышы мүмкүн. Анан кадрлардын сапатына көңүл буруу керек. Менчиктештирүүнү жүзөгө ашыра турган мыкты кадрлар болбосо, анда бул процесс чоң коррупцияга айланат.

Өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси Бактыбек Аманбаев быйыл 1-февралда «Азаттык» радиосунун түз эфиринде «Кумтөрдүн» Кыргызстан ээлик кылган акциясын Кытайга сатуу тууралуу айтканын эсиңиздерге салалы.

Маселен, «Кумтөрдө» эле биздин 26 пайыз акциябыз турат. Ал — бир млрд доллардан ашуун акча. Азыр аракет болуп жатат, ошонун 700 млн долларын алып келсе деле, эки банк ачып, жеңил өнөр жайына, айыл чарбасына, гидроэнергетика тармактарына салабыз деген ниеттер бар. Мына ошолордун бардыгын жакынкы күндөрү аткарганга өкмөттө мүмкүнчүлүктөр бар. Ооба, акцияны сатуу жөнүндө сөз болуп жатат. Ушул боюнча аракеттер жүрүп жатат.

Талдоочулардын айтымында, авторитардык мамлекеттерде мамлекет начар башкаруучу деп айтылат. Ошондуктан мамлекеттик мүлк рентабелдүү болуп турса да зыянга учурайт. Орусиянын «Газпром» ишканасы да бүгүнкү күндө банкротко кептелүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM