Биз менен байланышыңыз

АКШда өспүрүмдөр да коронавируска каршы эмдөө алып баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 мая 2021 | 1295 | 0

АКШда 12-15 жаштагы өспүрүмдөрдү да коронавируска каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу «Reuters» маалымат агенттиги жазды.

Буга чейин АКШ тамак-аштын жана дары-дармектин сапатын санитардык көзөмөлдөө башкармалыгы «Pfizer/BioNTech» компаниясынын вакцинасын 12 жаштан өйдөкү өспүрүмдөргө да саюуга уруксат берген корутундусун чыгарган.

Бул боюнча АКШ президенти Жо Байден 12-майда жасаган кайрылуусунда COVID-19дун 12 жаштан жогорку балдарга да жугуу коркунучу бар экенин, пандемия башталгандан бери АКШда 17 жашка чейинки 3 миллион өспүрүмгө илдет жукканын эскертип, ата-энелерди балдарын эмдөө борборлоруна алып келүүгө үндөдү.

Ошондой эле «Pfizer» компаниясы кийинки этапта, тагыраагы, сентябрь айына чейин 2 жаштан 11 жашка чейинки жеткинчек, тестиерлерге да колдонууга уруксат алуу аракетин көрүп жатканы маалым болду.

Белгилей кетсек, АКШда «Pfizer» вакцинасы менен 16 жаштан өйдөкү бардык жарандарды, ал эми «Moderna», «Johnson & Johnson» компанияларынын вакциналары менен орто жаштан жогорку адамдарды гана эмдөөгө уруксат берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM