Биз менен байланышыңыз

Чек ара чатагында көзүнө ок жеген кыргызга Түркиядан операция жасалат

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 576 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркагандардын бири 38 жаштагы К.Ч. 14-майда көзүнө операция жасатуу үчүн Түркияга жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабыркаган жаран — Лейлек районуна караштуу Интренационал айылынын тургуну. Ал куралдуу кагылышуу учурунда оң көзүнө ок тийип, 30-апрелден бери Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жаткан. Андан тышкары, эки буту сынган. Кыргызстанда көзүнө операция жасалган. Түркиялык дарыгердин текшерүүсүнөн кийин ага Түркиядагы клиникалардын шартында кайрадан операция жасоо сунушталган.

Дарыланууга кеткен бардык чыгым «Кызыл Жарым ай» коому тарабынан каржыланат.

Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун биринчи күнүнөн тартып жабыркагандарга зарыл медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурган. 29-апрелден баштап оор жаракат алгандар Бишкектеги ооруканаларга алып келине баштаган. Денедеги ок жана осколкаларды алып чыгуу боюнча шашылыш жана пландуу операциялар жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда – 25, Улуттук госпиталда – 12, Улуттук хирургия борборунда – 9, Лейлек райондук ооруканасында – 4, Кадамжай райондук ооруканасында – 1 бейтап дарыланууда.

Copyright © 2017 Maral FM