Биз менен байланышыңыз

Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасында мушташ чыкты

Кыска кабар | 13 мая 2021 | 2534 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн 13-майда Баткен районунун Сай айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочусунун ортосунда турмуш-тиричиликке байланыштуу мушташ чыкты. Бул маалыматты Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы да тастыктады.

Окуяда бир кыргыз таяк жегенин «Азаттык» сайты жазды. Мындан улам эки өлкөнүн чектеш айылдарынын эли чек арага топтолгон.

Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Учурда чек арадагы кырдаалды эки тараптын тиешелүү органдары көзөмөлгө алып, мушташтын чоо-жайын териштирүү жүрүп жатканы маалымдалды.

Copyright © 2017 Maral FM