Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 815 | 0

12-майда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов шаардык кеңешке катышкан 25 партия шайлоо өнөктүгү учурунда, добуш берүүдө кетирген мыйзам бузуулары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары талкууланды.

Буга чейин 30 тилкедеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Бул шайлоонун үчтөн бир бөлүгүн түзүп, жалпы жыйынтыкты жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондо 60 миң добуш жараксыз деп табылды, бул жалпы добуштардын 45 пайызын түздү.

Шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылгандан кийин бир ай ичинде жаңы шайлоо дайындалышы керек.

Буга чейин Ош жана Токмок шаарындагы шайлоолор да жокко чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM