Биз менен байланышыңыз

Медайым: Дарыгердин майда делген катасы да, бейтапка чоң зыян алып келиши мүмкүн

Блог , Дабагер , Ден соолук , Маек | 12 мая 2021 | 10869 | 0

Бүгүн, 12-май — Медайымдардын эл аралык күнү. Бул дата өлкө аймактарынын ооруканаларында кызуу белгиленүүдө. Ушул датага байланыштуу биз Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун улук медайымы Айымжан Эсенбаева менен баарлаштык. 

Айымжан Эсенбаеванын медайым болуп иштеп келатканына быйыл 45 жыл толот.

Бул кесип менин жашоомдо эң маанилүү орунду ээлейт. Адамдын ички дүйнөсү ушул кызматты жактырып, өз каалоосу менен гана келиши керек. Жөн жерден келип калган кызматкерлер да болот. Тилекке каршы, аларды бул кесипке үйрөтүүдө бир топ кыйынчылыктар жаралат. Андай кызматкердин үйрөнүүгө болгон кызыгуусу да жок болот. Ар бир кайрылган оорулуу бейтаптын кыйналып жатканын сезип, түшүнүп, көңүл коюу менен кароо керек. Бул нерсени сезе албаса, келечекте бул кесип менен иштеши өзүнө да, жанындагы кесиптештерине да кыйын болот. Медайымдардын көпчүлүгү сезимтал болушат.

Айымжан Эсенбаева дарыгердин ишинде ката кетпеши керектигин, бир эле майда ката, бейтапка өтө оор зыян алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Биздин клиникага көбүнчө өзгөчө кырдаал учурундагы оор абалдагы бейтаптар келип түшөт. Бизде «шашылыш хирургия» деген бар. Оор абалдагы адамдарды алып келишет. Ал жакта күнү-түнү иштегенге туура келет. Кайсы учур болбосун, күндүзү же түндө да бейтаптарды кабыл алып, карайбыз. Ар бир бизге кайрылган адамдын оорусу биз үчүн кыйын болот. Алардын ар биринин оорусуна жараша мамиле кылабыз. Кайрылган ар бир бейтап бизге ишенип, өмүрүн биздин колубузга тапшырып жатат. Андыктан медицинада катачылык кетпеши керек. Майда катачылык да, адамдын ден соолугуна чоң зыян болуп калышы мүмкүн. Биздин кесипте адашуу деген нерсе болбошу керек.

Башкы медайым мурдагы доорго салыштырмалуу учурда медицина бир топ өнүккөнүн, азыр медайымдардын иши бир топ жеңилдегенин белгилейт.

Биздин убакта кагаз иштерди колго жазып, тиркейт элек. Ал эми азыр замандын өнүгүшү менен врачтын дайындоосун электрондук түрдө алышып, ошонун негизинде өзүнүн жумушун аткарышат. Мындан сырткары заманбап жабдууларды колдонушат. Ал аркылуу бейтаптын так коюлган диагнозун аныктап, ошонун алкагында дарылашат. 

Айымжан Эсенбаева көптөгөн жаш медайымдарга үлгү. Ал өзүнүн ишин жаш кесиптештерине тажрыйба жүзүндө көрсөтүп, үйрөтүп келет.

Медициналык окуу жайларда жетиштүү билим берип, алдын ала даярдап жөнөтүшү керек. Колледжди жаңы бүтүп келген жаш кыздар келет. Албетте аларга билген тажрыйбаларыбызды бөлүшөбүз. Врачка, бейтапка кантип туура мамиле кылуу керек экенин да үйрөтөбүз. Бейтапка кабагын бүркөп, муздак мамиле кылса, бейтап ага толук ачылбайт. Ооруган жерлерин да айткысы келбейт. Медайымдар үчүн туура мамиле куруу өтө керек.

Өз кесибин сүйгөн медайым жумушуна таң эрте келүүнү адатка айланткан. Себеби ишине, бейтаптардын абалына болгон жоопкерчилигин биринчи орунга коёт.

Жумушка таңдын атышы менен келем. Ар кандай уюштуруу иштери менен бошобойм. Клиниканын ичиндеги ар бир медайымдын үстүнөн көзөмөл жүргүзүп турам. Бейтаптардын абалынан кабар алам. Жумуш күнү кечки саат 18:00дө аяктайт. Бизди хирург Мамбет Мамакеев биринчи үйүбүз клиника деп үйрөткөн. Биздин жашоодогу негизги жоопкерчилик ушул жумушубузда жатат. Жумуштан кийинки үйүбүз – өзүбүз жашаган жер. Үйгө барып, тиричилик менен кеч кирет. Азыркы заманда адам бардык нерсени алып кетиш керек. Жаңыдан бул кесипти аркалап баштагандарга кеңешим: жаңычыл болгула. Мурда медицина бир жол менен эле иштеген. Азыркы учурда мүмкүнчүлүктөр көп.

1974-жылы Медайымдардын Эл аралык Кеңеши Крым согушунда каармандык көрсөткөн мээрман айым Флоренс Найтингейлдин туулган күнүнүн урматына 12-майды Мээрман айымдардын кесиптик күнү катары белгилеген. Учурда Кыргызстанда 25 миң 883 медайым элге кызмат кылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM