Биз менен байланышыңыз

Министр: Картошка быйыл да кымбат болушу мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 12 мая 2021 | 827 | 0

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков «Маралга» берген маегинде «Быйыл картошкага баа кандай болот?» — деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, 2020-жылы 76 миң  гектар жерге картошка айдалган. Быйыл да ошол эле көлөмдө айдалып жатат.

«Баасына келсек, учурда картошканын базар баасы Бишкекте 31-32 сомдун тегерегинде, Айыл чарба министрлиги менен мэрия биргеликте уюштурган жарманкелерде 28 сомдон кымбат эмес. Бүгүнкү баалар күздө да картошкага болгон суроо-талап жогору болорун айтып атат. Өлкө ичинде, коңшулардан деле былтыркыдан көп айдалбаганын байкап жатабыз. Албетте, бааны базар чечет, бирок жогору эле болот деген ой бар», — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM