Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкекте «Маариф» фондунун мектеби ачылат

Кыска кабар | 12 мая 2021 | 541 | 0

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Кыргызстанга иш сапары менен келген Түркиядагы «Маариф» фондунун жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууга Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, «Маариф» фондунун башкармалыгынын төрагасы Бирол Акгүн жана башкалар катышты.

Анда Бишкекте жаңы окуу жылына карата «Маариф» фондунун 11 миң чарчы метрди түзгөн мектебинин кампусунун аянтында 61 класс тийиштүү жабдуулар менен камсыздалары айтылды.

Бул мектепте окутуу Кыргызстан жана Түркиянын мамлекеттик стандарттары боюнча кыргыз, түрк, орус тилдеринде жүргүзүлүп, англис тили үйрөтүлөт. Тилдерден тышкары, табигый илимдерди: химия, физика жана биологияны, гуманитардык илимдерди, жаңы технологияларды жана маданиятты окуп-үйрөнүүгө багыт берилет.

Министрликтин жетекчилиги фондго жана мектептерге ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM