Биз менен байланышыңыз

Орозо айт намазы быйыл мечиттерде гана окулат

Кыска кабар | 11 мая 2021 | 718 | 0

13-майда Орозо айт намазы Эски аянтта окулбайт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы атайын буйрук чыгарды.

Чечимге ылайык, аймактарда Орозо айт намазы мечиттерде гана окулат. Ал эми Бишкек шаарында Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгы белгилеп берген мечиттерде гана санитардык-эпидемиологиялык шарттар толук сакталуу менен окулат.

Намаз убактысы эртең мененки 7:30дан 8:00гө чейин белгиленди. Айт намазына келген ар бир жарандан коомдук коопсуздукту сактоону Дин иштери комиссиясы өтүнөт.

Белгилей кетсек, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы аймактык бөлүмдөрүнө Орозо айт намазы учурунда мечиттердеги коопсуздукту тыкыр көзөмөлдөө, 2019-жылы Орок айылында болуп кеткен улуттар аралык чатак сыяктуу окуяларга жол бербөө тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM