Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган митинг-реквием өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 9 мая 2021 | 664 | 0

Бүгүн, 9-майда Бишкектеги «Жеңиш» аянтында президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

Өлкө башчы «Өчпөс отко» гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерип, таазим кылды.

Ошондой эле иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков катышты.

Бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин борбор калаанын «Жеңиш» аянтында залп атылып, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM