Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан Ворухка жол да, коридор да бербеши керек»

Кыргызстан Ворухка коридор да, жол да бербеши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Кечээки протоколдо «биргелешкен жол салабыз» деп айтылып жатат. Бул коридор да?! Өкмөт: «Жок, бул коридор эмес, жолду пайдаланууга бердик. Тажиктер пайдаланат, бирок биздин баланста болот», — деп жатат. Кеп — анын биздин баланста болгонунда эмес, кеп — анын макамында. Эгер «мамлекеттер аралык магистраль» деген макамды берип койсок, анда эки өлкө ээн-эркин пайдалана турган жол болуп калат. Бул — тажиктердин манипуляциясы. Алардын канча жылдык максаты — Ворухту анклавдан чыгаруу. Анда биздин Лейлек эксклав болуп калат, биз ал жакка каттай албай калабыз. Бул — мамлекеттин эгемендигине, бүтүндүгүнө шек келтире турган нерсе, биз чек арадан бир метр жер да, жол да бербешибиз керек. Барак айылы баарыбыздын эсибизде, ал жакка каттай албай калып, акыры Өзбекстанга алмашып ийгенге аргасыз болдук», — дейт депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM