Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 8-майда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, тоолуу аймактарында жаан жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28 градус;
Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түңкүсүн 8…13, күндүз 17…22 градус жылуу.
Бишкек шаарында 8-майда түнкүсүн жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13 … 15, күндүз 26 … 28.