6-май күнү болжол менен түнкү саат 23:13 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кайтпас, Өрүкзар айылдарын суу каптаган.
Кооптуу аймактан болжол менен 1500 жаран көчүрүлгөн. 7-май күнү болжол менен таңкы саат 04:00 чамасында суу тартылгандан кийин жарандар өз үйлөрүнө кайтышкан.
Жеринде ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы, Сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агенттигинин Баткен облустук жана Кадамжай райондук бөлүмдөрүнүн башчылары жана райондук кызматтар менен биргеликте тактоо иш-чараларын жүргүзүшүүдө.