Биз менен байланышыңыз

Баткендеги «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы жаңыланат

Кыска кабар | 7 мая 2021 | 293 | 0

Президент Садыр Жапаров «Бужум» аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайга барды.

Ал суу бөлүштүрүүчү жайдын техникалык абалын модернизациялоону тапшырды.

Жапаров «Бужум» полигонундагы аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, мамлекет Куралдуу Күчтөр боюнча социалдык милдеттенмелеринин баарын аткара турганын жана күч түзүмдөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Президент 5-майда кыргыз армиясына реформа жасаларын жана Элдик кошуундар түзүлөрүн айткан. Куралдуу күчтөр тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM