Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө миллион сомдон берилет

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 610 | 0

Бүгүн, 6-майда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылынын эли менен жолукту. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун алкагында, өлкө башчы Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө кенемте төлөнөрүн жана жабыркаган ишкерлерге да жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Ошондой эле, президент бүгүнтөн баштап Максат айылындагы жана башка жапа чеккен айылдардагы талкаланган имараттардын ордуна заманбап үлгүдөгү имараттарды кайра салып берүү иштери башталарын, аны эки айда бүткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM