Биз менен байланышыңыз

18-майда Бишкек — Кара-Балта багытында поезд каттабайт

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 258 | 0

18-майда Бишкек — Кара-Балта багытындагы №6059/6060, №6061/6062 поезддер каттамга чыкпайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы кабарлашты.

Токтотуунун себеби: Ош-Бишкек унаа жолунун Беловодск-Шопоков тилкесиндеги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Буга бир күн талап кылынат. Андан соң, тактап айтканда, 19-майдан тарта каттам мурдагы тартипте уланат.

Мындан сырткары буга чейин 1-майдан тарта жүрүп баштаары пландалган Ташкент-Балыкчы багытындагы поезд токтоп турганы маалым болду. «Кыргыз темир жолу» ишканасы муну каттам Казакстан аркылуу өткөндүктөн, алар транзитке макулдук бере электиги менен түшүндүрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM