Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровдун Баткендеги иш сапары Максат айылынан башталды

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 768 | 0

Бүгүн, 6-майда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, өлкө башчы талкаланган мектептин аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окуду.

Президент бүгүнтөн баштап Максат айылындагы жана башка жапа чеккен айылдардагы талкаланган имараттардын ордуна заманбап үлгүдөгү имараттарды кайра салып берүү иштери башталарын, аны эки айда бүткөрүү мерчемделип жатканын маалымдады.

Садыр Жапаров медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна жиберилген мобилдик клиникалар тууралуу да айтып берди. Донордук долбоордун аркасында мобилдик клиникалар 5 жыл аралыгында республиканын бардык аймактарын кезек-кезеги менен кыдырып, бийик тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларына акысыз медициналык кызмат көрсөтөт.

Андан ары мамлекет башчы Кулунду жана Интернационал айылдарына барат.

Эске салсак, чек ара жаңжалында 189 кыргызстандык жабыркаган, 36 адам каза болду. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Copyright © 2017 Maral FM