Биз менен байланышыңыз

Мамкаттоо: Баткен эли документтерин кайра жасатуу үчүн кайрылууда

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 616 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен, Лейлек райондорунун жана Сүлүктү шаарынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара жаңжалынан жапа чеккен жарандарды документтештирүү иштерин улантышууда.

Алар Баткен шаарында, Көк-Таш жана Максат айылдарында иштеп жатышат. Ал үчүн көчмө калкты тейлөө борборлору жер-жерлерге жайгаштырылды.

Учурда 47 арыз ID-карта паспортторун 2017-жылдагы үлгүсүн, 34 арыз туулгандыгы тууралуу күбөлүктү, 10 арыз нике күбөлүгүн, 7 арыз жакыны каза болгону жөнүндө күбөлүктү кайра жасатуу үчүн келип түшкөн.  Ошондой эле Лейлек районунун Максат айылында жашаган үч этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз менен кайрылышты.

Мындан тышкары, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жергиликтүү бөлүмдөрү тарабынан Максат айылындагы башаламандык учурунда айдоочулардын жоголгон документтерин калыбына келтирүү иштери жүргүзүүдө. Учурда 12 айдоочулук күбөлүктү жана автоунаалардын каттоо күбөлүктөрүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Юстиция министрлигинин Ош жана Баткен аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жабырлануучуларга акысыз юридикалык консультацияларды да көрсөтүп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM