Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бишкекте дарыланып жаткан 51 бейтап өтө оор абалда

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 550 | 0

Бишкектеги стационарларда 885 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу шаардын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада 9 стационар иштеп жатат.

«Анда 885 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 593ү орто оор, 239у оор, 51и өтө оор абалда, 52 бейтап реанимация бөлүмүндө болууда. Учурда 183 орун бош», — дейт ал.

Шамырканова кошумчалагандай, шаардагы 114 миң 331 окуучу же 99,19% балдар текшерилди.

«Алардын ичинен курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери 12 окуучудан байкалган. Алардан ПЧР-анализдер алынып, 4 балада оң жыйынтык берген. 77 мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 5 миң 112 бала же 99%ы кароодон өткөн. Бешөөндө курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалган. ПЧР анализ ата-энелери каршы болгондуктан алынган эмес. 10 адистештирилген мектепке чейин билим берүү уюмдарындагы 981 бала каралып, экөөндө курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалган. Ата-энесинин каршылыгынан тест алынган эмес. Ал эми 25 жеке мектепке чейин билим берүү уюмдарындагы 1 миң 938 бала текшерилип, аларда курч респиратордук вирустук инфекция аныкталган жок», — деди ал.

Кыргызстанда 6-майга карата бир суткада коронавирустун 320 жаңы учуру катталды. Анын 246сы Бишкекте. Ошондой акыркы суткада Бишкек шаарында коронавирустун айынан 3 бейтап көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM