Биз менен байланышыңыз

Тажик бийлиги чек ара чатагында каза болгон жарандарынын үй-бүлөсүнө 70 миң сомониден берди

Дүйнө , Кыска кабар | 5 мая 2021 | 2854 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун атынан кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан каза болгон тажик жарандарынын үй-бүлөсүнө 70 миң сомониден (520 миң сомдон ашык) каржылык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Согди облусунун жетекчилигине шилтеме жасап, «Азия-Плюс» порталы жазды.

Бүгүн, 5-майда Согди облусунун өкүлү Раджаббой Ахмадзода Тажикстандын чек ара кызматынын башчысы Раджаббали Рахмонзода менен чек ара коогасында каза болгондордун үйлөрүнөн кабар алды.

«Облус башчысы каза болгон жарандардын балдары эрезеге жеткенге чейин мамлекеттин камкордугунда болушарын, алардын үйлөнүү тоюн өткөрүүдө да колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. Ошондой эле алар ЖОЖдордо мамлекеттик квотанын негизинде окутулат», — деп жазылат маалыматта.

Жалпысынан каза болгон 9 жарандын үй-бүлөсү каржылык жардам алган. Тажик бийлиги 55 турак-жай кыйроого учураганын маалымдады. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бул турак-жайларды калыбына келтирүү үчүн 1 ай мөөнөт берди.

Баткендеги чек ара окуясында Тажикстандан канча адам каза болгону тууралуу расмий маалымат жок. Жергиликтүү маалымат каражаттары 19 адамдын каза болгонун, 90дой киши жарадар экенин белгилеп келишет.

Ал эми кыргыз тараптан 36 адам каза таап, 189 тургун жарадар болгон. Андан сырткары 40 миңден ашык тургун коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM