Биз менен байланышыңыз

Президент «Баткен облусунун чек аралаш аймактарын калыбына келтирүү» жарлыгына кол койду

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 579 | 0

Президент Садыр Жапаров «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан чек арадагы айылдарды тез арада калыбына келтирүү, ошондой эле жарандардын жашоо-турмушу, уюмдар, мекемелер жана ишканалар үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча жардам көрсөтүү максатында, Конституциянын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары — Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
  2. Комиссия:

— төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Өкмөткө бекитүүгө киргизсин:

2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Кыргызстандын жарандарынын жана юридикалык жактардын, анын ичинде Баткен облусунун ишкердик субъекттеринин менчигине келтирилген зыянды баалоо жана аларга компенсацияларды төлөп берүү боюнча тартиптин долбоорун;

2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын долбоорун;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин катышуусу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон чыр-чатак убагында жабыр тарткан жарандардын, курман болгон, дайынсыз жоголгон, дене-боюнан жаракат алган, турак жайынан айрылган, укукту күбөлөндүргөн жана укукту белгилеген документтерин жоготкон адамдардын тизмесин түзсүн.

  1. 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон окуялардын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча Президенттин атайын өкүлүнүн кызмат орду уюштурулсун.
  2. Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү элге жардам көрсөтүү Президенттин атайын өкүлүнүн негизги милдеттери болуп эсептелет деп белгиленсин.
  3. Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталсын:

— жарандардын жана уюмдардын ыктыярдуу которууларынан келип түшүп жаткан каражаттарды топтоо боюнча атайын эсепти ачуу;

— курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга бир жолку материалдык жардам берүүнүн мүмкүндүгү тууралуу маселени карап чыгуу;

— жабыр тарткан жарандарга кийин жаңы турак үйлөрдү курууну камсыз кылуу менен убактылуу турак жай берүү, ошондой эле өзүнүн турак жайын калыбына келтирүүгө тартылган адамдарга аткарган иштерине акы төлөө;

— биринчи зарылчылыктагы азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз берүүнү, суу жана энергия менен жабдууну камсыз кылуу;

— талкаланган чек ара тозотторун жана пункттарын, күч түзүмдөрүнүн объекттерин жана социалдык объекттерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү;

— зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн зарыл каражаттарды Кыргызстандын республикалык бюджетинде кароо;

— «КР 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү;

— жабыр тарткан калктуу конуштарда өз ишин жүргүзгөн экономикалык иштин субъекттерин салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу, пайыздар, финансылык санкциялар боюнча салыктык карыздарды жоюу жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү;

— жабыр тарткан калктуу конуштарда өз ишин жүргүзгөн экономикалык иштин субъекттерине төмөнкүлөрдү берүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө маселени карап чыгуу:

төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылбастан (банктык кепилдикти, күрөөнү жана кепилдик берүүчүнү талап кылбастан) жана мөөнөтүн узарткандыгы жана/же мөөнөтүн жылдыргандыгы үчүн пайыздарды албастан салык карыздарынын жана бажы төлөмдөрүн, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздардын суммаларына карата мөөнөтүн узартуу/же мөөнөтүн жылдыруу;

жабыр тарткан экономикалык иштин субъекттерине салыктар жана социалдык төгүмдөр боюнча отчет берүүнүн мөөнөтүн 6 айлык мөөнөткө чейин узартуу.

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча материалдык жардам берүүнүн мүмкүндүгү жөнүндө маселени карап чыгуу сунушталсын.
  2. Өкмөткө Улуттук банк, «Айыл Банк» ачык акционердик коому жана «РСК Банк» ачык акционердик коому менен биргеликте төмөнкү маселелерди карап чыгуу сунушталсын:

— жабыр тарткан ишкердик субъекттерине жеңилдетилген кредиттик линияны ачуу тууралуу;

— жабыр тарткан ишкердик субъекттери жана жарандар финансылык-кредиттик уюмдардан алган кредиттерди тындырууга көмөк көрсөтүүнүн мүмкүндүгү тууралуу.

  1. Мамлекеттик органдар жабыр тарткан жарандарга төмөнкүлөрдү акысыз берсин:

— социалдык төлөмдөрдү (пенсияларды, жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды) дайындоо үчүн зарыл маалымкаттарды;

— объекттерди долбоорлоо, калыбына келтирүү жана куруу маселелерин ыкчам чечүү үчүн маалыматтык материалдарды, схемаларды, карталарды, пландарды, инженердик-геологиялык маалыматтарды;

— архитектуралык-пландаштыруу шарттары, техникалык көзөмөл, долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү.

  1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:

— жабыр тарткан жарандарга социалдык төлөмдөрдү (жөлөкпулдарды, пенсияларды, компенсацияларды) өз убагында төлөөнү камсыз кылсын;

— жабыр тарткан жарандарды СОVID-19 коронавирустук инфекциясынан эмдөөнү артыкчылыктуу тартипте жүргүзсүн;

— жабыр тарткан кыргыз жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык жактан тейлесин жана жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздасын;

— саламаттык сактоонун стационардык уюмдарында баштапкы жана кайталап дарыланууга жатканда жабыр тарткан жарандарды бир жыл бою кошо төлөөдөн бошотсун;

— жабыр тарткан аймактардагы саламаттык сактоо уюмдарын биринчи кезекте  каржылоону камсыз кылсын;

— жабыр тарткан жарандардын балдарын балдар лагерлерине жана пансионаттарга жөнөтүү жолу менен реабилитациялоону уюштурсун;

— зарыл болсо жабыр тарткан жарандардын арасынан  улгайган жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, жетим балдарды жана турмуштук оор кырдаалда болгон балдарды   балдар мекемелерине жана социалдык стационардык мекемелерге  жолдосун;

— жабыр тарткан жарандарга консультациялык-психологиялык жардам көрсөтсүн;

— зарыл болсо жабыр тарткан жарандарды майыптуулукту аныктоо үчүн күбөлөндүрүүнү жүргүзсүн, ошондой эле  жабыр тарткан жарандарды социалдык-медициналык реабилитациялоону уюштурсун;

— инфекциялардын чыгып кетүүсүн болтурбоо үчүн жабыр тарткан аймактарда жугуштуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү боюнча чараларды күчөтсүн;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте объекттерди калыбына келтирүү жана куруу үчүн жумушсуз жарандарды тартуу менен акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштурсун.

Copyright © 2017 Maral FM