Биз менен байланышыңыз

Соңку суткада 397 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 596 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 5-майга карата акыркы сутка ичинде 397 адамдан коронавирус аныкталды. Жаңы катталгандардын 210у Бишкекте, 130у Чүй облусунда.

Бишкек — 210
Ош — 5
Чүй облусу – 130
Ош облусу — 9
Талас облусу — 0
Нарын облусу — 11
Ысык-Көл облусу – 19
Жалал-Абад облусу – 9
Баткен облусу — 4

Өлкө боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 96 958ге жетти.

Соңку суткада 7 бейтап коронавирустан каза тапты. Бишкек – 3, Ысык-Көл облусу – 3 жана Ош шаары – 1 учур катталды.

Ошондой эле 248 бейтап айыгып чыкты.

Бишкек – 151
Ош шаары – 7
Чүй облусу – 59
Ош облусу – 4
Талас облусу – 1
Нарын облусу – 7
Ысык-Көл облусу – 11
Жалал-Абад облусу – 4
Баткен облусу – 4

Илдеттен айыккандардын жалпы саны 90 394тү туздү.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1563 бейтап, амбулатордук түрдө 2378 адам дарыланууда. 1091 бейтаптын абалы орто оордукта, 397 адамдын абалы оор жана 70 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 468 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 391 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 96 миң 958 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 90 миң 394 киши айыгып чыкса, 1 миң 637 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM