Кыргызстанда Элдик кошуундар түзүлөт. Бул тууралуу 5-майда элге жасаган кайрылуусунда президент Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, куралдуу күчтөрдө олуттуу өзгөрүүлөр жасалат. Муну армиянын реформасы деп атаса да болот.
Анын эки негизги багыты:
-Куралдуу күчтөрдү тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштуруу керек.
Экинчи жагынан, элдик кошуундар түзүлөт.
«Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат», — деди Садыр Жапаров.