Биз менен байланышыңыз

Жаңы Конституция: Аткаруу бийлигинде 4 багытта башкаруу блогу болот

Кыска кабар | 5 мая 2021 | 774 | 0

«Башкаруу системасын өзгөртпөсөк, анда биз аныктаган иш-аракеттердин планы ишке ашпайт», — деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда жаңы Конституция боюнча элге кайрылуусунда.

Анын айтымында, жаңы Башмыйзам мындай өзгөрүүнүн пайдубалын түптөдү.

«Президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын бири-бирин кайталоосу жакынкы күндөрдө, жакынкы арада жоюлат», — деди ал.

Ошондой эле президент аткаруу бийлигинде төрт багытта башкаруу блогу болорун белгиледи:

1. Министрлер кабинети элдин жашоосун жакшыртууну камсыз кыла турган үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишти уюштурат;

2. Коопсуздук Кеңеши коопсуздукту камсыз кыла турган жана кризистик кырдаалдарда иш алып барган түзүм болот;

3. Туруктуу Өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жана анын катчылыгынын базасында өлкөнүн өнүгүүсүн башкаруу системасы түзүлөт;

Бул түзүм, стратегиялык маселелер, ири инвестициялык долбоорлор, реформаларды даярдоо жана аларды ишке ашыруу, ошондой эле улуттук программаларды көзөмөлдөө менен алектенет.

4. Улуттук маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү, кыргыз коомунун кайра идентификациялоо — улуттук кайра жаралуу процессин, кыргыз диаспоралары менен өз ара байланышуу маселелери камтылат.

Бул боюнча президент төмөнкүлөргө токтолду:

«Бул багытта мамлекеттик катчы иш алып барат. Анын иш-милдеттерине идеология, таалим-тарбия, жарандык коом менен өз ара кызматташуу, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак маселелери кирет. Бүгүн мен кыскача айткан сунуштар менен көрсөтмөлөр Президенттин өлкөнү орто мөөнөттүү мезгил ичинде өнүктүрүү стратегиясында камтылган. Өнүгүү стратегиябыз даяр. Мен аны министрлер кабинетине тапшырам, министрлер кабинети стратегияны ишке ашыруу программасын саналуу күндөрдө Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет».

Copyright © 2017 Maral FM