Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Баткендеги калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлдү

Кыска кабар | 4 мая 2021 | 667 | 0

Баткен облусундагы калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жана оңдоого жумшалат, ал эми калган 200 млн сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталат.

«Учурда келтирилген зыяндын көлөмүн баалоо боюнча атайы комиссия иш алып барууда, алардын корутундусу менен биз калыбына келтирүү ишинин активдүү фазасына киришебиз», — деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда. Атап айтканда, Кызыл-Бел, Ак-Сай, Маргун жана Борбордук айылдарында типтүү жалпы билим берүү мекемелери курулат, Максат айылында өрттөнүп кеткен мектеп калыбына келтирилип, бала бакча курулат, ошондой эле Кулунду айылында мектепке чейинки балдар мекемеси курулат.

Мындан тышкары бөлүнгөн каражаттар жаңы жолдорду курууга жана Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай, Көк-Таш – Ак-Сай –Тамдык жолдорун оңдоого жумшалып, Ак-Сай – Рават, Кулунду – Максат – Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объект жана 5 башка мамлекеттик имарат өрттөлгөн жана талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM