Биз менен байланышыңыз

Баткен окуясына бардык өлкөдөгү кыргыздар кабатырланууда

Коом , Кыска кабар | 3 мая 2021 | 1458 | 0

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чатагы дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурду. Айрыкча, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар байма-бай нааразылык акцияларын уюштуруп, эл аралык коомчулукту калыс баа берүүгө, жабыр тарткан карапайым элдин тагдырына көңүл бурууга чакырык таштап келишет.

Расмий маалыматтар боюнча Баткен жана Лейлек райондорунда болуп өткөн чек ара чатагынан 183 адам жабыркап, 35 киши курман болду. 3 күнгө созулган кандуу калаба бүтүндөй өлкө калкын убайымга салды. Чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жаткан кыргыз жарандары да мамлекетте болуп жаткан окуяларга тынчсызданып, баскынчылардын аракетине каршы атайын нааразычылык билдирип турушту. Маселен, АКШнын Сан-Франциско шаарында жүздөгөн кыргызстандык желек, плакаттарды көтөрүп, акция өткөрүштү. Булардын катарында митингге чыккан Баткен облусунун Кулунду айылынын тургуну жакындары үчүн сарсанаа болуп жатканын айтты.

«Мен Баткендин Кулунду айылынан болом. Ал жерде азыр ата-энем, чоң ата-чоң апамдар турушат. Алар үчүн кыжалаат болуп, уктабай калдым. Баткендеги чырдан улам каза болгон инсандардын үй-бүлөсүнө сабырдуулук жана тынчтык  каалайм. Кыргыздын желегин, жерин эч кимге бербей, ошол жерде жашап жаткан мекендештерибизге ыраазычылык билдирем. Колубуздан келген ар кандай жардамды эч аябайбыз, элибизди колдойбуз», — деди Калифорнияда жүргөн Баткендин тургуну.

Калифорниядагы дагы бир мекендеш Бекназар Саяк кыргыз элинен айланса болорун айтат. Ал пандемия учурунда эл өзүн-өзү сактап калганын, акыркы окуяларда да кыргыз эли тик туруп, жанын аябай күрөшкөнү үчүн ыраазы болгонун, өзү алыста болсо да, моралдык жактан дайыма жаныбызда экенин кошумчалады.

 «Кыргыз элим , айкөл элим, силерден айланса болот. Азыркы болуп жаткан чек арадагы чырды басууда ошол эле айкөл элимдин салымы чоң. Убактыңарды, жаныңарды, каныңарды аябай эл үчүн, жер үчүн ошол жерде аягына чейин турушту. Биз алыста болуп, силер менен оор кырдаалда чогуу боло албасак да, оюбуз, моралдык колдообуз силер менен ар дайым. Чет жактагы кыргыз жарандары, биз — сиздер мененбиз! Ошондой эле биз эл аралык сотторго кайрылып, болуп өткөн  башаламандык, кан төгүүлөр үчүн Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон жоопко тартылсын деген талап коёбуз», — деди  Бекназар Саяк.

Ошондой эле Германиянын Берлин, Гамбург, Франкфурт жана Мюнхен шаарларында да кыргызстандыктар митингге чыгышты. Алар эл аралык коомчулукту чек арадагы жаңжалга көңүл буруп, миңдеген карапайым эл жабыркаган кандуу кагылышууга калыс баа берип, адилет чечим чыгарууга үндөштү.

«Биз эл аралык коомчулукту Баткенде болгон тажик аскерлеринин куралсыз, даярдыксыз кыргыз жарандарына каршы жасаган кылмыштарына көңүл бурууга чакырабыз. Баткендеги айылдарда жүздөгөн үй өрттөлүп, тонолду. Алардын мал-жанын айдап кетишти, бардык мүлкүн тоноп кетишти. Мектептер, социалдык обьектилер өрттөлүп, бульдозер менен түрттүрүлгөн. Канчалаган адам өз үй-жайын таштап, тоого качууга аргасыз болушту».

Мындан тышкары Түркия жана Англия өлкөлөрүндө жашап иштеген кыргызстандыктар мекендештерине кайрылуу жолдошту. Алар ыйык Рамазан айындагы баскынчылыкты жосунсуз көрүнүш катары баалашып, сырткы күчтөрдүн пайдаланып кетүүсүнө жол бербөөгө чакырып өтүштү.

«Азыркы учурдагы кыргыз-тажик чыры кабыргабызды кайыштырып турат. Ыйык Рамазан айында эки элдин бири-бирине ок атып, үйлөрдү өрттөгөнү — жосунсуз көрүнүш. 3 күндөн бери уланып келе жаткан чыр-чатактан көптөгөн эр-азаматтар набыт болду. Кыргыз-тажик чыр-чатактан улам жакындарынан айрылгандарга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Эки өлкө кагылышса, сырткы күчтөр пайдаланып кетүүсү мүмкүн. Буга жол бербешибиз керек. Эки өлкөнүн тынчтыгы үчүн такталбаган маалыматтар тоскоолдуктарды жаратат. Андыктан маалыматты анализдеп кабыл алалы. Согуш эч кимге керек эмес, мамлекеттеги тынчтык биринчи орунда». 

Түркиядагы кыргызстандык Баткенде ата-энеси жана бир туугандары бар экенин, алар үчүн кабатыр болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, чатак учурунда бардык туугандары үй-жайын калтырып, тоо таяна качкан. Учурда 35ке жакын адам 2 бөлмөлүү үйдө жашап, кичинекей наристелери менен ачка калып жатышканын кейип айтып берди.

«Мен өзүм Баткенден болом. Азыр менин ата-энем, туугандарым тоодо качып жүрүшөт. Ал жакта 2 бөлмөлүү үйдө 35-40ка жакын адам жашайт, алардын арасында кичинекей наристелер да бар, ачка отурушат. Азыркы ыйык Рамазан айында алар жакшы, тынчтыкта жашашы керек болчу. Кыргыз элим, күчтүү болуңуздар, биз дайыма сиздер менебиз!»

Чек арада болуп өткөн жаңжал учурунда Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында 10 турак үй, 1 чек ара заставасы, Ак-Сай айыл аймагында 12 турак үй, Ак-Татыр айыл аймагында 18 турак үй, жалпысынан 40 турак жай жана 1 чек ара застава талкаланган. Ошондой эле, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында 4 үй, 24 АЗС, 35 соода түйүнү, Кулунду айыл аймагында 63 үй, 1 мектеп, 1 ФАП, 1 ПОМ, жалпысынан 129 кыймылсыз мүлк өрттөлүп, талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM