Connect with us

Баткенде өрттөлгөн үйлөрдүн саны 107ге жетти

Кыска кабар | 3 Май 2021 | 520 | 0

Баткендеги жаңжалдан жабыркаган үйлөрдүн саны 107ге жетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Учурда облуста келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия ишин улантууда.

Өрттөлүп, жараксыз абалга келген турак үйлөрдүн калдыктарын тазалоо, калктуу конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо, сугат суу, таза суу линияларын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Тажик тараптын аткылоосунда Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймактарынын айылдары жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарынын айылдары жабыркаган.

Алдын ала маалыматка ылайык, Баткен облусу боюнча 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай (АЗС), 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объекттер, 5 башка мамлекеттик имарат талкаланып, өрттөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM