Биз менен байланышыңыз

5 жашар Абидин да чек ара чатагынын курмандыгы болду

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 513 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 5 жашар наристе Турсунбаев Абидин да чарчап калган. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова ырастады.

Кырсык тууралуу Барчын Аманова Фейсбук баракчасына жазган. Анын айтымында, 29-апрелде Лейлек районунун Арка айылынын тургундары тажиктердин кол салуусунан корголоп, тоо таяна качышкан.

«Мындай апаатты өмүрүндө көрбөгөн карапайым эл баары тоону көздөй качып жөнөшөт. Абидиндин апасы да уулун колунан сүйрөй, экинчи наристесин бооруна кысып, эл менен кошо чуркайт. Арасында жашы да, карысы да, боюнда бар келиндер, майыптар бар. Эмне болгон апаатты түшүнбөгөн эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга түшүп, агып кетет. Сөөгүн чоочун кишилер көрүп, кармап калышкан. Дагы 200 метрдей агып барса тажиктер тарапка өтүп кетип, табылбай калмак экен», — деп жазган ал.

Баланы суудан алып чыгып, «Тез жардам» унаасы менен ооруканага алып келишкен, тилекке каршы, өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Турсунбаев Абидин 1-июнда 5 жашка толмок.

Акыркы маалыматтар боюнча, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары 3-майга карата жаңжалдан 183 адам жабыркап, анын 35и каза болгонун билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM