Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан 3 бейтап каза болду, 277 жаңы учур аныкталды

Кыска кабар | 3 мая 2021 | 302 | 0

Кыргызстанда 3-майга карата коронавирус дагы 277 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү бирифингде маалымдалды.

Жаңы учурлар: Бишкекте – 212, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 49, Ош облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 7, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3 бейтап каза болду. Жалпы каза болгондор – 1 миң 622 адамга жетти.

Ал эми бир сутка ичинде 202 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 131, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 51, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 1 адам сакайды.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 498 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 307 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 48 бейтаптын абалы орто оордукта, 375 адамдын абалы оор жана 73 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 451 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 373 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 96 миң 337 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 921 киши айыгып чыкса, 1 миң 622 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM