Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 78 бейтап өтө оор абалда жатат

Кыска кабар | 2 мая 2021 | 246 | 0

Кыргызстанда 2-майга карата дагы 308 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде, Бишкекте – 203, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 62, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 18, Нарын облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 учур катталды.

Пандемия башталгандан бери 96 миң 60 адам коронавирус жуктуруп алган.

Сутка ичинде Бишкекте – 4, Чүй облусунда – 2 жана Ош облусунда – 1 бейтап каза болду. Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны – 1619 адамга жетти.

Акыркы сутка ичинде 258 адам айыкты. Оорудан сакайгандар 89 миң 719 киши.

2-майга карата 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Жалпы 4447 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, анын ичинен 4369у айыгып чыккан.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 1496 бейтап, амбулатордук түрдө 2238 адам дарыланууда. Анын ичинен 1046 бейтаптын абалы орто оордукта, 369 адамдын абалы оор жана 78 бейтап өтө оор абалда жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM