Биз менен байланышыңыз

Лейлектин жашоочусу: Куралчан тажиктер айылыбыздан дагы эле чыгып кете элек

Без рубрики , Кыска кабар | 1 мая 2021 | 1196 | 0

Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш аймагында жайгашкан Борбордук Арка айылдарындагы абал туруктуу эмес. Жергиликтүүлөрдүн айтымына караганда 2 айылда тажик жарандары дагы эле аралап жүрөт. Унаалар менен кыдырып, үйлөрдү талап-тоноп жатышат.

-Азыр эркектердин баары ушул айылдарды кайтарып жүрүшөт. Бирок куралчан тажик жарандары айылды аралап жүрөт. Борбордук менен Арка айылдарына кирип жатышкан. Жаңы эле кабар келди, эми Жаштык айылына бет алышыптыр. Абал ушундай болгону менен бир да кыргыз жоокери жок. Достук айылынын жогору жагында кыргыз аскерлери турат, алар буйрук болмоюн ок чыгарбайт экен,-дейт айыл тургуну.

Айтымында, алар азыр чек арадан алысыраак жайгашкан Маргун айылында баш калкалап турушат. Ал жерде Борбордук, Достук, Арка-1, Арка-2 айылынын жаш балдары жана аялдары бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 1-майга карата маалымат берип, анда Борбордук, Арка-1, Арка-2 айылдарында абал тынч экенин кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM