Баткен облусундагы кыргыз-тажик жаңжалында курман болгондордун аты-жөнүн облустук ички иштер башкармалыгы жарыялады. Маалым болгондой, куралдуу кагылыштан 10 жай тургун, 3 аскер кызматкери каза тапкан. Алардын 11инин аты-жөнү белгилүү болду, дагы экөө боюнча тактоо жүрүп жатат.
Алар:
- Каратаев Сагын Калбаевич, Көк-Таш айылынын 1977-жылы 26-июлда туулган тургуну;
- Тагаев Сүйүн Ураимович, Баткен шаарынын 1969-жылы 14-мартта туулган тургуну;
- Каработоев Алтынбек Джалилович, Кадамжай шаарынын 1982-жылы 18-майда туулган тургуну;
- Адбрахманов Баяман Гапарович, Баткен шаарынын 1998-жылы туулган тургуну;
- Үсөн уулу Рашид. Баткен шаарынын 1973-жылы туулган тургуну;
- Ганиев Жамшит Кайимович, 1990-жылы туулган;
- Рахматжанова Мадина, 2009-жылы туулган;
- Сайдаров Махаматрасул Махадасавоч, 1985-жылы туулган.
УКМКнын берген маалыматына караганда, кагылышта 20 аскер кызматкери жаракат алган, анын экөөсүнүн абалы өтө оор. Булардан башка дагы үч аскер кызматкери курман болгон:
- Манасбек уулу Нурсултан, 1992-жылы туулган — 2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири, капитан;
- Юлдашев Бекзат Давлатжанович, 1991-жылы туулган — 2021 аскер бөлүгү.
- Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович, 1991-жылы туулган, 2053 аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири, капитан.
Чек арадагы куралдуу кагылышта жалпысынан 134 адам жараат алып, алардын 25и Бишкек шаарындагы ооруканаларга жеткирилди. Ал эми 86 жаран Баткен облустук ооруканасына жаткырылды.
Булак: Азаттык