Биз менен байланышыңыз

Баткенде курман болгон кыргыз жарандардын аты-жөнү жарыяланды

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 914 | 0

Баткен облусундагы кыргыз-тажик жаңжалында курман болгондордун аты-жөнүн облустук ички иштер башкармалыгы жарыялады. Маалым болгондой, куралдуу кагылыштан 10 жай тургун, 3 аскер кызматкери каза тапкан. Алардын 11инин аты-жөнү белгилүү болду, дагы экөө боюнча тактоо жүрүп жатат.

Алар:

  1. Каратаев Сагын Калбаевич, Көк-Таш айылынын 1977-жылы 26-июлда туулган тургуну;
  2. Тагаев Сүйүн Ураимович, Баткен шаарынын 1969-жылы 14-мартта туулган тургуну;
  3. Каработоев Алтынбек Джалилович, Кадамжай шаарынын 1982-жылы 18-майда туулган тургуну;
  4. Адбрахманов Баяман Гапарович, Баткен шаарынын 1998-жылы туулган тургуну;
  5. Үсөн уулу Рашид. Баткен шаарынын 1973-жылы туулган тургуну;
  6. Ганиев Жамшит Кайимович, 1990-жылы туулган;
  7. Рахматжанова Мадина, 2009-жылы туулган;
  8. Сайдаров Махаматрасул Махадасавоч, 1985-жылы туулган.

УКМКнын берген маалыматына караганда, кагылышта 20 аскер кызматкери жаракат алган, анын экөөсүнүн абалы өтө оор. Булардан башка дагы үч аскер кызматкери курман болгон:

  1. Манасбек уулу Нурсултан, 1992-жылы туулган — 2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири, капитан;
  2. Юлдашев Бекзат Давлатжанович, 1991-жылы туулган — 2021 аскер бөлүгү.
  3. Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович, 1991-жылы туулган, 2053 аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири, капитан.

Чек арадагы куралдуу кагылышта жалпысынан 134 адам жараат алып, алардын 25и Бишкек шаарындагы ооруканаларга жеткирилди. Ал эми 86 жаран Баткен облустук ооруканасына жаткырылды.

Булак: Азаттык

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM