Биз менен байланышыңыз

Айжигитов чек арадагы кагылышка байланыштуу УКМКны сындады

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Апр 2021 | 764 | 0

УКМК олигархтардан акча «кустуруу» менен эмес, коопсуздукту камсыздоо, чалгындоо иштери менен алек болушу керек. Мындай пикирин Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал атайын кызмат учурда өз милдети менен эмес, башка иштер менен алектенип кеткенин айтты.

«УКМКнын иши олигархтарды «кустуруу», өзүбүздүн жарандык активисттерди кысуу, кемпирлерге кылмыш ишин ачуу эмес, коопсуздук жаатында иш алып баруу, чалгындап, мындай окуялардын алдын алуу болчу. Ал жерде даярдык болуп жатканын билүү үчүн орустар айткандай: «К бабке ходить не надо». Тажиктер бир айдан кем эмес, балким андан да көп убакыт даярданышкан. Бүтүндөй башкармалыгы бар, агентуралык түйүндөрү бар УКМК эмне иш кылып жүрдү ошол жерде? Алар мындай болору тууралуу алдын ала билип, ошого жараша иш кылышы керек эле да», — дейт Айжигитов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM